Ырчы, актриса Асема Токтобекова бүгүн 19-декабрда уулдуу болду. Бул жолу төрөтүм жеңил болду деген ырчы кубанычтуу жаңылыгы менен өзүнүн интернет баракчасынан бөлүштү.
«Бүгүн саат 10:30да Бишкектеги төрөтканалардын биринде Кудайдын буйругу менен уулдуу болдук. Төрөтүм бул ирет жеңил болду. Уулубуздун салмагы 4 килограмм, бою 52 сантиметр. Азырынча атын коё элекпиз«, — дейт Асема.