Экөө тең Инстаграмм баракчасында миллиондон ашуун катталуучулары бар. Асел Кадырбекова акыркы кездерде жолдошу менен түшкөн сүрөттөрдү чыгарбай, достору, туугандары менен жалгыз жүргөн сүрөттөрдү чыгарганы коомчулуктун кызыгуусун жаратты.
Асел Кадырбекова жаңы сүрөт жүктөөрү менен эле анын күйөрмандары “Силер мыйзамдуу ажырашты деп угуп жатам, ушул чынбы?” “Эмнеге Нурлан экөөңөр чогуу эмессиңер, ал кайда?” деген сыяктуу суроолор биринин артынан бири жазылып жатат. Ал эми ырчылардын бирөө да “ажыраштык” же “чогуу жашап жатабыз” деп айтышкан жок.
Ошондон улам коомчулукта бул чыгармачыл жаш үй-бүлө чындап эле биротоло мыйзамдуу ажыраштыбы, себеби эмнеде деген бүдөмүк пикирге келишүүдө.
Эскерте кетсек, эки ырчы мындан эки жыл мурун дүңгүрөтө үйлөнүү үлпөтүн өткөрүшкөн. Бир кыздуу болушту. Алар ушул жылы эле 16-июнда 150 кишини чакырып, кызына жентек той беришкен. Арадан эки айга чукул убакыт өтпөй эле эки жаштын өзүнчө жашап жатканы баарына табышмак бойдон.