Учурда Кой-Ташта жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармала электигин, үйүндө экенин айтты.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина «Алмаз Атамбаев коргонууга аракет кылып жатат», — деп билдирген. Карамушкина бул тууралуу КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Рита Борбукееванын «Фейсбуктагы» барагы аркылуу берилген түз эфир маалында айткан.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсү, журналист Мирбек Айтикеев: «Атамбаев кармалган жок, ушакка ишенбегиле» деп «Фейсбук» барагына жазды. Ага чейин бир катар маалымат каражаттары Атамбаевди «кармап кетишкенин» жазып чыгышкан.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастады.
«УКМКнын атайын дайындалган күчтөрү тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатат. Операция маалында атайын багыттагы аскерлер тарабынан согуштук курал колдонулган жок. Жоокерлер желим октор менен гана жабдылган. Учурда операция уланып жатат», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.