Кечээ, 26-июнда Бишкек шаарынын Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы болгон. Кырсыктын кесепетинен үч адам жабыркаган.
«Абалы оор» деген Нурлан Насип жубайы учурда Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жатканын билдирди.
«Ал баш мээсинен жаракат алган. Акыреги сынган жана башка жаракаттары да бар. Эс-учуна келе элек. Абалы оор деп бааланат», — деди оорукананын жетекчиси Алмазбек Кубатбеков.