Домой Маданият Асел Кадырбекованы сүзгөн айдоочу СИЗО-1ге камоо чечими чыкты

Асел Кадырбекованы сүзгөн айдоочу СИЗО-1ге камоо чечими чыкты

1165

Свердлов райондук соту ырчы Асел Кадырбекова кабылган жол кырсыгы боюнча ГБРДин айдоочусун Бишкек ШИИББине тиешелүү СИЗО-1ге 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, О.М. аттуу 25 жаштагы “Хонда Одиссей” унаасынын айдоочусун 2 айга СИЗО-1ге камакка алуу чечими чыккандыгына байланыштуу ооруканада шектүүнү милиция кайтарып жатат. Аталган окуяга тиешелүү бардык экспертизалар дайындалды”,- делет маалыматта.

Бул автокырсык Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 297-берене менен катталып (автотранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу), сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Эске салсак, 26-июнда саат 15:30 чамасында “Хонда Одиссей” унаасы Бишкек шаарынын Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Асел Кадырбекова айдап бара жаткан “Тойота Камри” унаасы менен кагышкан. Кырсыктан улам ырчы айым жана “Хонданын” айдоочусу Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна, ал эми К.О. аттуу 1994-жылы туулган “Хонданын” дагы бир жүргүнчүсү Улуттук госпиталга жеткирилген.

Булак: Барс