Ал күн да ыйык Рамазан күндөрүнүн жума күнү болчу. Жума намаз окуйлу деп кошуна бала менен баратып анын машинеси жолдо бузулуп экөөбүз машинен тыштай салып 180 км/саат ылдамдык менен бири-бирибизди карабай чуркап барып жаңыдан Азан айтыла баштаганда эл толгон мечитке жетип бардык. Экөөбүздүн демиккенибиз басылбай жума намазынын алгачкы төрт рекет сүннөтүн окумакка арткы саптардан эки бош орунга барып тура калып ниет кылып намазды баштадык. Ошентип алгачкы сүннөттөрү бүтүп кайра азан айтылып имам минбарга чыкканда көздөрүм имамда болгондуктан айланамды да караган эмесмин… Анан парз намазы башталып сап түздөлүп баштаганда: “Иничек бул жерге келип алыңыз” деп алдыңкы саптан үн чыкканынан карай салсам элдер “Бандит борчик” деген байке карап турган экен. Аңырайган боюнча барып жанына турдум… Ошентип бир сапта намаз окуп бүтүп бири-бирибизге “Намазыңыз кабыл болсун” деп учурашканыбызда ушунчалык мээрим менен кучактап учурашканын көрүп таң калдым. Ошондо динибиздин улуулугун түшүндүм. Көчөдөн жолой албай душман сыяктуу, каракчы сыяктуу, баш кесер көрүнгөн адам менен мечиттин ичинен бир тууган сыяктуу кучакташып чыктык. Ал ирет атыбызды да сурашпай коштошуп көптүн агымы менен тарап кеттик. Ал байке менен эски тааныштардай коштошуп атканыбызды көргөн кошунам кайра бузулган машинеге жеткиче мени ага кошуп бандит кылып койду…))
Экинчи ирет чек арадан көрүшүп бир туугандардай учурашып, аттарыбызды сурашып, маектешип, телефон номерлерди алыштык. Үчүнчү ирет кайрадан жума намазда жолугуп үйүнө ооз ачууга чакырды… Ошентип экөөбүз бир туугандай жакшы мамиледе болуп кеттик. Ал байкенин ички жан дүйнөсү ушунчалык кенен жана таза экенине күбө болуп ал жөнүндө ушактарды, аңыздарды токугандарга азыркыга чейин таңкалам…
Андан бери он жылдай убакыт өтүп кетти. Азыр ал байке да очор-бачар үй-бүлөлүү болуп балдары мектепте мыкты окушат. Өзү жеке ишкер.
Жыл сайын Рамазан айы келгенде ошол окуяны эстеп байкеге айтып берсем: “Мен жөнөкөй эле адаммын. Эмнеге адамдар кебетеңе карап кумурсканы пил кыла беришет” деп күлөт.
Айтайын дегеним биздин динибиз улуу дин экени айныгыс чындык. Жөн эле дааватчылар менен умра барып келгендерди жамандашты… Мечитке бир ирет барып жамаат менен намаз окусаңыз динибиздин улуулугуна, тазалыгына, кудуретине ишенесиз!!! Аллахым баарыбызга ыйман берип туткан орозолорубузду, окуган намаздарыбызды кабыл кылып, күнөөлөрүбүздү кечирсин!!
Ал эми менин бул жазгандарымды окуп жаткан менин бир кездеги “Бандит борчик” байкемдин өзүнө жана үй-бүлөсүнө Аллахымдан эки дүйнө жакшылыгын тилек кылам. Сиз менен ошол күнү бир сапта отуруп бир тууган болуп чыккан күндүн натыйжасында; чек арадан, Казахстандын аймагынан канчалаган кыргыз туугандарыбызга жардамчы болдук. Сизге чоң рахмат агатайым!!!
Асейин Саралаев









