Домой Саясат Асановдун ордун Жоробеков көздөп жатабы?

Асановдун ордун Жоробеков көздөп жатабы?

44

Журналисттик иликтөө жана маалыматтардын чын-төгүнүн аныктоо менен алектенген “Factcheck.kg” сайты ички иштер министринин орун басары Памирбек Асанов жаш курагына байланыштуу кызматынан кетиши керек экенин жазды. Ал 16-октябрда 55 жашка толду. Ички иштер министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, милициянын полковниги Памирбек Асанов 1964-жылы төрөлгөн.

«Ички иштер органдары жөнүндө» мыйзамга ылайык, жетекчилик орунда иштеген орто жана улук наамдары бар кызматкер 55 жашында иштен бошошу керек. Памирбек Асанов ички иштер министринин орун басары болуп ушул жылдын 13-августунда дайындалган. Ал чуу менен кызматтан кеткен Курсан Асановдун ордуна келген.

Айтмакчы, Памирбек Асанов иштен кетсе, анын ордун Жеңиш Жоробеков ээлеши мүмкүн экен. Башкача айтканда, министр болом, болбосо эң кур дегенде Асановдун ордун алам деп жеңин түрүп шымаланып турган кези.

Булак: «Фабула»