Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго карата дагы бир кылмыш иши козголду.
Бул тууралуу аскер прокурору Нуркамал Набиев билдирди. Асановго атайын даярдыктагы аскерди мыйзамсыз түрдө өзүнө айдоочу кылып дайындап алган деген кине коюлууда.
Буга дейре «кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишеничтен кетти” деген негиз менен кызматтан алынып, кылмыш иши козголуп 13-октябрга чейин үй камагына алынган.
Учурда Асановдун баласына чейин кылмыш иши ачылып, бир туугандарына чейин текшерүүлөр жүрүп, эптеп кынтык таап сындыруу аракети көрүлүүдө. Мындай кара өзгөйлүктүн арты жакшы болбой.
Булак: «Фабула»