Домой Саясат Асанбай уулу Мирбек:«Кыргызстандагы жаштар уюмдары менен тыгыз иштешебиз»

Асанбай уулу Мирбек:«Кыргызстандагы жаштар уюмдары менен тыгыз иштешебиз»

124

    20171113_171705

Кочкор жаштар кеңеши коомдук бирикмесинин  төрагасы Асанбай уулу Мирбек менен маек.

-Саламатсызбы Мирбек мырза. Жалпы Кочкор жаштары боюнча жалпы маалымат берип өтсөңүз.

   -Биздин жаштар уюмубуз 2014-жылы жаштардын демилгеси менен түзүлгөн. Уюмдун негизги иш багыты жаштарга туура багыт берүү, алардын билим сапатын жакшыртуу, жумуш орундарын түзүү сыяктуу көп багыттуу иш алып барат. Өзүнүн түзүлгөнүнөн тарта Кочкор районунун алкагында 100 гө жакын иш-чара, окутуулар, долбоор сыяктуу көптөгөн иштерди өткөрдүк. Бул иш-чараларды өткөрүүдө же болбосо ишке ашырууда албетте каражат да керектелет экен. Биздин эсеп боюнча жергиликтүү бийликтин колдоосу жана эл аралык уюмдардын колдоосу, ошону менен катар эле бизнесмен байке-эжекелердин колдоосу менен 4 млн сомго жакын суммада иштерди аткардык. Учурда уюмда ыктыярчылар жана жаштар болуп эмгектенип келебиз.

 -Быйылкы жылдары кандай ийгиликтер болду?

   —Негизинен быйылкы жыл биздин коомдук бирикме үчүн эң бир түшүмдүү жылдардан болду. Себеби жаштар талыкпаган эмгектин артында көптөгөн иштерди жасап, турмушка ашырды. Аларды атап өтсөк 2017-жылдын алгачкы айларында учурда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Артисбековичтин жеке кабыл алуусуна окуудагы жакшы жетишкен окуучуларды экскурсияга алып келдик. Бул экскурсия  өсүп келаткан муунга жакшы тарбия берүү жана алдыга умтулуусуна кандайдыр бир деңгээлде түрткү берсин деген максатта уюштурулду. Ошону менен катар эле Кочкор районуна караштуу Ак-Кыя айыл аймагына Германия эл аралык кызматташтык коомунун долбооруна катышып наркы 1,8 млн сомдук трактор, прицеби менен алып берүүгө жетиштик. Бул алынган трактор аталган айыл аймакты таштандыдан арылтуу максатында келди. Ошондой эле Германия эл аралык кызматташтык коомунун Жаштар үчүн жаркын келечек долбооруна катышуу менен жаштарды жумуш менен камсыз кылуу максатында 4 чакан бизнес ачтык. Алар: сүт багытындагы 4 торпок сатып алынды, коён ферма ачуу үчүн 30 коён, тери жана сүт иштетүү үчүн чакан цехтерди ачууга багытталган чакан бизнестер ишке ашты. Бул долбоордун жалпы суммасы 455 миң сомду түздү. Эң бир жетишкен ийгилигибиз Германия эл аралык кызматташтык коомунун Жаштар үчүн жаркын келечек долбоорунун колдоосу аркылуу 2018-2022-жылдардагы Кочкор айыл аймагынын жаштарынын өнүгүү стратегиясын түзүп жергиликтүү кеңешке сунуштап колдоого ээ болду. Бул жерден жергиликтүү кеңештин депутаттары жаштарды колдоо ирээтинде жылына жаштар үчүн жергиликтүү бюджеттен 1,28 млн сом каржат бөлүп, ар тараптуу колдоо кылып беришти. Бул биз үчүн чоң жетишкендик. Кочкор айыл өкмөтүнүн жана Кочкор айылдык кеңешинин депутаттарынын ишинин айкындуулугун чагылдыруу максатында долбоор аркылуу сайт жана уюлдук телефон үчүн приложения да ачканы турабыз. Бул иш да долбоор аркылуу ишке ашты.20171113_165404

 -Сиздердин уюм бүгүнкү күндө жергиликтүү жана эл аралык кандай уюмдар менен тыгыз иштешип жатат?

-Азыркы тапта жергиликтүү деңгээлде Кыргызстандын булуң-бурчундагы бардык жаштар уюмдары менен тыгыз иштешебиз. Алар менен тажрыйба алмашуу, бири-бирибизге колдоо кылып долбоорлордо жардамдашабыз. Ал эми эл аралык уюмдардан Германия эл аралык кызматташтык коомунун Жаштар үчүн жаркын келечек программасы, Jica, Юнисеф, БУУнун ар кандай багыттагы долбоорлору сыяктуу багытта иш алып барып келатабыз.

-Ушул жылы Грузия мамлекетине тажрыйба алмашууга барып келдиңиз, ал жакта жаштар саясаты кандай экен жана биздин жаштар менен айырмачылыгы, өнүгүү багыттары боюнча айырмачылыктарга токтоло кетсеңиз?

-Германия эл аралык кызматташтык коомунун Жаштар үчүн жаркын келечек программасынын алкагында 12-18-ноябрь күндөрү барып келдик. Жаштар саясаты боюнча кээ бир тармагында биз алдыда болсок, кээ бир тармактар боюнча артта экенбиз. Грузия мамлекетинде жаштарга мамлекет тарабынан жогорку деңгээлде көңүл бурулат экен. Бардык шарттарды түзүү менен жаштарга көп мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беришиптир. Бирок менен көз карашымда жаштар кичине активдүүлүгү жоктой сезилди. Грузин жаштарынын мага жаккан сапаттары бардыгы орус тилин билип турса да грузин тилинде гана сүйлөп, тилге болгон мамилеси жогору экендигин көрдүм. Ошону менен катар эле улуттук баалуулуктарын ар дайым сакташат экен. Тажрыйба алмашуу жаңы идеалар, жаңы көз караштарга бай болду. Кудай буюрса кийинки жылдар менен ишке ашырабыз.20171113_165404 canadian cialis safety.

 -Кийинки жылдары ишке ашырабыз деп калдыңыз, келечекте кандай пландар бар.

   —Буюрса пландар көп. Алардын ичинен жаштар үчүн дагы да болсо жумуш орундарын камсыздаганга  долбоорлорду жазабыз. Ошону менен катар эле Кочкор айылындагы сейил бакты оңдоо боюнча аракеттер жумшалат. Дагы бир кыялыбыз бар, Кочкор районунун өзүнүн жеке үналгысын ачуу деген. Негизи Кочкор өрөөнү туризм багытына өтө ыңгайлуу жайгашкандыктан туризм багытын да колго алганы жатабыз. Бул планды ишке ашырууга 2018-жылы Жапон элинен туризм багыты боюнча 2 жылга атайын ыктыярчы да келет. Мындан сырткары жаштардын потенциялын жогорулатуу үчүн атайын окутууларды киргизебиз. Чакан бизнеске кызыкдар жаштарга көмөк көрсөтөбүз деген ойлор менен кийинки жылга жең түрүп даярдануудабыз.

— Маек куруп бергениңиз үчүн ыраазычылык жана ишиңизге ийгилик!

 Сиздерге да ыраазычылык билдирмекчимин. Учурдан пайдаланып жалпы Кыргыз элин жана Кочкор өрөөнүнүн жалпы жашоочуларын келе жаткан жаңы жылыбыз менен биздин уюмдун жана жеке өзүмдүн атыман чын жүрөктөн куттуктайм. Элибизде ар дайым ынтымак, токчулук жана тынчтык болсун.

                                                    Самара САЛАМАТОВА