Домой Коом Артур Цветковдун Ассоль Молдокматовага каршы берген арызын Москва соту кабыл алган жок

Артур Цветковдун Ассоль Молдокматовага каршы берген арызын Москва соту кабыл алган жок

56

Артур Цветков кайрылган Москва соту анын доо арызын кабыл алган жок. Ошондой эле сот бул арызды негизсиз деп билдирген. Учурда Ассоль Молдокматованы колдогон адамдардан дагы деле видео кайрылуулар келип жатат.

Арасынан Юрий Назаров, Николай Горшков, Стач Курач, Сергей Пускепалис сыяктуу Орусиянын легендарлуу жана эмгек сиңирген артисттери дагы Ассолду колдоп видео кайрылуу жөнөтүшкөн, – дейт Молдокматованын өкүлү.

Бул тууралуу Молдокматованын расмий өкүлү SUPER.KG порталына билдирди.