Домой Коом Артем Дзюба интимдик видеосу жайылып кетпеши үчүн андан 5 миллион доллар талап...

Артем Дзюба интимдик видеосу жайылып кетпеши үчүн андан 5 миллион доллар талап кылганын айтып чыкты

73

Санкт-Петербургдун “Зенит” клубунун форварды Артем Дзюба анын интимдик видеосу интернетке жайылып кетпеши үчүн андан беш миллион доллар талап кылганын ФСБга билдирди. Бул тууралуу “Фонтанка” басылмасы жазып чыкты.

Гезитте жазылгандай, футболчу өзүн шантаж кылган адам менен тааныш. Аны менен жолугушууда Дзюба акча талап кылган сүйлөшүүнү жаздырып алган. Азырынча анын ким экендиги айтыла элек.

Футболчу өтө көп сумма экенин айтып, акчаны төлөөдөн баш тарткан. Андан тышкары, ал видео баары бир таркап кетпейт деген кепилдик жок болчу. Баш тарткандан кийин, видео ачыкка чыгып кеткен.

Азыр ФСБнын кызматкерлери бул тууралуу иликтөө жүргүзүп жатат.

7-ноябрда социалдык тармактарда Дзюбанын интимдик видеосу пайда болгон. Версиялардын бирине ылайык, ал 2019-жылы эле тартылган. Натыйжада, футболчу курама команданын ноябрь айындагы беттештерине чакырылган жок. Форвард ошондой эле “Зениттеги” капитандык курунан ажыратылды.