Кечээки болгон окуя атайын уюштурулган чагым. Аны кимдер, кандай себептер менен уюштурганы белгилүү. Рыскелди Момбековдун Талас эле эмес, бүтүндөй республика боюнча рейтингги өсүп, аброю жогорулап кеткени айрымдардын тынчын алып, ыплас каралоо оюндары жүргүзүлүп жандары жай албай жатат.
Кечээ, кирминал чалыш алкаш атайын ызы-чуу салды. Эптеп Момбеков же балдары кол көтөрсө деген чагым аркылуу эл кадырлаган депутатты зөөкүр, чоң муштум кылып көрсөтүү үчүн киндиктен төмөн кир оюн, бийликтин жогору жактагы адамдары тарабынан берилген тапшырма облустук аткаминерлери тарабынан жүргүзүлдү.
Бирок алардын арам ойлору, аракети максатына жеткен жок. Чагымга карата эл өкүлү Момбеков сабырдуулук менен мамиле кылып, алардын торуна түшпөй, бийиктигин көрсөттү.
Азыр айрымдар билип-билбей, түшүнүп-түшүнбөй ар кандай маалыматты таратып жатышат. Мен кечээки провокацияга күбө болгондуктан кызылдай чындыкты айтайын, бийликтин чагым оюну, эл өкүлүн жагымсыз окуяга кириптер кылуу аракетин көпчүлүк билип, туюшту.
Арийне, сөз чынынан бузулбайт, Момбековдой чыркыраган чындыкты ар ким эле айта албайт. Рыскелди мырзадай жүрөгүндө жалы бар адам гана акыйкатты эч кимден коркпой айта алат. Аны кошоматчы, арам ойлуу пастар түшүнбөйт.
Кудай көктө карап турат. Ким кандай жамандык көздөсө да, уюштурулган арам иштери аларга абийир алып келбейт. Баарына мезгил, Кудай тараза.
Дооронбек Садырбаев, Болот Шерге дагы уюштурулган чагымдай, ыплас көрүнүш буга дейре болгон эмес. Демек, Момбековдун эл арасындагы аброю, шайлоо алдында кээ бир «маколёлорду» уктатпай жатат.
Алтынды дат баспайт. Ким эмне дебесин, жүрөгү, ою таза адамдар чагымды билип, түшүнүп турушат. Ар дайым эл деген адамдарды бутунан тарткан көрүнүш алмустактан келе жаткан адат.
Рыскелди Чыныбекович, сиз бийиксиз, эл урматтаган көк жалсыз. Арстанга чөөлөр асылып келген. Бирок чөөлөр үрүп кала берет. Сиздей арстан, көк жалдар гана тарыхка из салып, бурулуш жасаган. Саткын, кошоматчылар канчалык буттан тартып, троллдор пилге үргөндөй каңкылдаса да, тарых дөңгөлөгү айлана берет. Сиз мыктысыз…
Журналист Алмаз Темирбек
https://www.facebook.com/photo.php?fbid=3062123093864838&set=a.1797378360339324&type=3&theater