Бишкектин Биринчи май райондук соту Арстанбек Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевдин онго жакын тарапкеринин арызын кароону белгисиз мөөнөткө жылдырды. Бул тууралуу жарандык активист Рита Карасартова “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, бүгүн аталган сотто Арстан Алайдын тарапкерлеринин арызы каралмак. Аларга буга чейин тынч жыйын өткөрүү тартибин бузду деп 3 миң сомдон айып пул салынган. Мындай жазага нааразы болгон Алайдын тарапкерлери арыз менен сотко кайрылган.
Карасартованын айтымында, бүгүн өтө турган сот жыйыны арызды карачу судьянын ооруп калганына байланыштуу жылдырылды деп маалымдалды.
Ар кыл талаштуу билдирүүлөрү менен белгилүү Арстан Алайдын “Некст ТВ” каналында “Кут” деген аталышта чыгып жүргөн телеберүүсү өткөн апталарда жабылган болчу. Буга нааразы болгон тарапкерлери митингге чыгышкан.
Арстанбек Алай 2011-2017-жылдары эки жолу президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөндөн кийин коомчулукка кеңири таанылган. Жакында анын билдирүүлөрү боюнча маселе парламентте көтөрүлүп, андан соң Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Арстанбек Алайга карата Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси («Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар ортосундагы кастыкты козутуу») боюнча кылмыш ишин козгогон болчу.
Булак: Азаттык