Домой Коом Арстан Алай: Кыргыздар коронавирус менен ооруган жок

Арстан Алай: Кыргыздар коронавирус менен ооруган жок

125

Кыргыз эли коронавирус менен ооруган жок. Мындай пикирди коомдук ишмер Арстан Алай super.kg порталына билдирди.

“Коронавирус болсо биринен-бирине жугуп, үй-бүлөлөр, чогуу жашагандар, байланыш болгондор оорумак, өлмөк. Адамзат көп доорлорду басып өтүп, гени жетилди. Адам ааламдын ролун аткарбаса, телосу ууланып, чирийт. Кан менен тамактанган органдар жарылып, жоюлат. Биринчи өпкө карайып, дем алуу оорлойт. Анан башка органдар иштен чыгат”, – дейт Арстан Алай.


Анын айтуусунда, оорудан кутулуш үчүн элди эмоциядан чыгарып, улуу түшүнүккө өткөрүү керек. Журналисттер, саясатчылар Арстан Алайдан программаларды алып, элге жеткирүү керек. Медицина көк мейкин алдында алсыз. Медицинанын убактылуу жардамы тийиши мүмкүн, бирок көпчүлүгүнө жардам бербейт.

Буга чейин коронавирусту Кытайга ал жөнөткөнүн айткан. Ошол эле учурда бул вирус Кыргызстанга келбей турганын билдирип келген.