Домой Саясат Арстан Алай карыздан куткарам дейт

Арстан Алай карыздан куткарам дейт

37

Оозуңа май, карыздан куткарчу мартабалуу адам. Чынында эле учурда кыргыздардын ичинен мээси барлардын санаасын санга бөлгөн кытайларга болгон карыздан кутулуу экенин тана албайбыз. Ал эми кардын сылап, маңкайып отурган бизнесмен депутаттардын, чиновниктердин ойуна бул маселе кенедей да болуп кирип койбойт. Анткени алардын башына күч келсе капчыгын төөгө артынып башка өлкөгө чыгып кетет. Ошондуктан тажиктерге окшоп жерибизди алдырып жибербейбизби деп элеңдеп коендун кейпинде отуруп калган кезибиз.

Төрт миллиард доллар карыздын көйгөйүн мекенчил гана адамдар ойлонгону бекерден эмес. Анткени жегендер эмес, колуна ал акчаларды кармап көрбөгөн шордуулардын эсебинен төлөнөрүн эстегенде ичкени ирим болорун неге жашырмак элек. Бүгүнкү күндө томпойуп, торсойуп алган баччагарлар болсо шайлоонун “операциясын” кантип ийкемдүүөткөрөбүз деген пландын артында салпактап чуркап жүрүшөт. Вискиге ичегисин жылытып, казы-картадан сугуна жеп, каалагандай тайраңдаган Какибайлар, Шакибайлар, Алиштер, Кадиштер, Төрөлөр, Камчыкелер, Динарлар, Ормокойлор мерсте чалкалап элдин башын айландырууга аттанышты. Анткени парламент күм-жам болорун жогору жактан коомчулукка угузуп коюшту акырын. Чабал партиялар болсо сьезддин өткөрүп башчысын, төштүүсүн, капчыгын, ат кошорун, бөкөлүн ачык эле шайлап алышты кирипигин ирмебей туруп. Булардын жасаган ишине “жашыл жарык” бергендер баракелде деп далыга таптаганга гана маш экендиги белгилүү. Ким кубаттуу, айбаттуу болсо ошолордун ырын ырдоого уста болгондор жилиги үзүлгөнчө ак үйдүн ичин шимшилеп жүргөнү боюнча кызык жагдайлар бар. Кайсыл эшикти черткилеп кирерин, кимге шыбырап кеп айтаарын, маселе канткенде оң чечилерин ошол эле эл өкүлдөрү узун жомок кылып бурч-бурчтарда таратып калышат.

Баса, өзүн Кудай катары журтчулукка кабардар кылган Арстан Алайга болгон ышкы күн сайын өсүп баратат. Баары эле «Nехt твны» үмүт этип карап калышты. Ичи өрттөнгөн бийлик болсо бул берүүнүн куйругун кыя чабуунун амалында. Акыйкатта азыр элге жок дегенде дене бойду ысытууга жараган сөз керек болуп турат. Ошондой жылуу кепти Арстан Алай кулакка жагымдуу кылып жеткирип жатканына каниет кылгандар деле жок эмес, бар. Ал эми мамлекет башчылары тараптан конкреттүү түрдө карыздан кутулуунун жолу айтыла элек. Жок дегенде карыздан кутултам деген адамдын тилегине неге кошулууга болбосун. Алла берсе баары эле жыргап кетпейт беле? Андан көрө жаныбызда эле жүргөн, калкка жакшылыкты ниет кылган кишиге эмне үчүн терс карашыбыз керек? Кой, антпейли…

Булак: Ачык сөз