Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарында өткөрүлгөн «Аалам» саясий партиясынын лидери Арсланбек Малиевдин талапкерлигин Кыргыз Республикасынын Президенттигине коюусун өтүнүшкөн. 2017-жылдын 1-июлунда Ысык-Көл областынын Шор-Булак айылында өткөрүлгөн партиянын 10 жылдык маракесине Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын областтарынан жана Бишкек шаарынан калыӊ эл Арсланбек Малиевдин эл үчүн өтөгөн кызматын баалап, ак баталарын берип, Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин коюусун өтүнүшкөн. 2017-жылдын 16-июлунда Борбордук шайлоо комитетинен Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер катары өз арызын берди. Малиев Арсланбек Касымакунович азыркы учурда чет өлкөлөр менен достук жана кызматташуу Кыргыз коомунун Президенти. II даражадагы Мамлекеттик кеӊешчи, 2 жолку «Манас-1000» медалынын ээси, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, Монгол достук союзунун Тынчтык жана Достук алтын орденинин, ошондой эле Монголиянын мамлекеттик «Достук» медалы менен сыйланган.
1995-2000-2005-жылдары КРнын Жогорку Кеӊешине бир мандаттуу округдан атаандаштык негизде шайланган.
2004-жылдан бери КРдин Жаа атуу Федерациясынын Президенти.
Үй-бүлөлүү, балдары бар.
2007-жылдан бери «Аалам» саясий партиясынын лидери. prednisone 10 mg dose pack rx.store. Булак: nazarnews.kg