Домой Коом Арпачиев жатак абакта 3500 сом маяна алат

Арпачиев жатак абакта 3500 сом маяна алат

636

Арпачиев Кылычбек Ильязович Бишкек шаарынын  Биринчи май райондук сотунун 2016-жылдын 28-июнундагы өкүмү менен КР Жазык кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Кызмат адамынын ири өлчөмдө опузалап пара алуусу) боюнча мүлкүн конфискациялоо менен күчөтүлгөн режимдеги түзөтүү абагында жаза өтөөгө 14 жылга эркинен ажыратууга соттолгон.

КР Жазык кодексинин 61-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде тергөө учурунда камакта болгон күндөрү жаза мөөнөтүнүн эки күнү катары эсептелген.

Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 27-декабрындагы өкүмү менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2016-жылдын 28-июнундагы өкүмү өзгөрүүсүз калтырылган.

2019-жылы жаңы жазык мыйзамдарынын күчүнө киришине байланыштуу К. И. Арпачиевдин жазык иши кайра каралган жана Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2016-жылдын 28-июнундагы өкүмү жана Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 27-декабрындагы өкүмү Бишкек шаардык сотунун 2019-жылдын 13-февралындагы аныктамасы менен өзгөртүлүп, соттолгон К. И. Арпачиевдин аракеттери КР Жазык кодексинин (2017-жылдагы редакциясында) 326-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча квалификацияланып, 10 жылга эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза аныкталган.

Жазык ишти кайра кароонун натыйжасында К. И. Арпачиевдин жасаган кылмышы КР 1997-жылдагы редакциясындагы Жазык кодексинин боюнча өзгөчө оор кылмыштан (313-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пункту) КР 2017-жылдагы редакциясындагы Жазык кодекси боюнча оор кылмышка (326-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пункту) кайра квалификацияланган.

КР Жазык-аткаруу кодексинин (1999-жылдагы редакциясында) 50-беренесине ылайык оор кылмыштар үчүн соттолгон адамдарга карата түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүүгө, жатак-абагына которууга Атайын комиссияга сунуш жөнөтүү жаза өтөө мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгүн өтөгөндөн кийин гана мүмкүн.

Соттолгон К. И. Арпачиевдин арызынын негизинде жана КР Жазык-аткаруу кодексинин 50-беренесине ылайык Арпачиев К. И. жатак-абагына которулууга сунушталган. ЖАМКнын Атайын комиссиясынын 2019-жылдын 06-апрелиндеги чечими менен соттолгон К. И. Арпачиевге жатак-абакка которуудан баш тартылган.

К. И. Арпачиевдин жактоочусунун кайрылуусунун негизинде 2019-жылдын 17-июлунда ЖАМКнын Атайын комиссиясынын чечими менен К. И. Арпачиев ЖАМКнын № 45 жатак-абагына (Чүй облусунун Москва районунун Беловодское айылы) которулган.

Бүгүнкү күндө соттолгон К. И. Арпачиев ЖАМКнын № 45 жатак-абагында жаза өтөп жатат, мындан ары жаза өтөө мөөнөтү  3 жыл 29 күндү түзөт. Соттолгон К. И. Арпачиев көмөкчү чарбада эмгектенгендиктен жатак-абагынын жатаканасында жашап, жатак-абагынын тоок чарбасында жана талаа иштеринде эмгектенет.

Аталган жумуштарды аткаргандыгы үчүн соттолгондор жасалган иштин көлөмүнө жараша айына  3000-3500 сом маяна алышат.