15-апрелден бери Судан Республикасында армия менен тез аракеттенүүчү күчтөрдүн (спецназ) ортосундагы куралдуу кагылышуулар уланып жатат. Анын кесепетинен улам көп сандаган жай тургундар каза болуп, чет өлкөлүктөр массалык түрдө эвакуацияланып, кырдаал курчуп бара жатат.
Бүгүнкү күндө тараптардын кагылышуусунда каза болгондордун саны 420 жетип, 3700 киши жаракат алды. Мындай маалыматтарды Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму келтирди.
Ал эми Судандын Саламаттыкты сактоо министринин айтымында, кагылышуулардан каза болгондордун саны 600гө жетти.
Тез жардам унаалары менен медициналык мекемелерге кол салуулар күчөгөндүктөн, дарыгерлер жарадарларга жете албай жатышат. 20дай оорукана иштебей турат, дагы 12 оорукана дары-дармектердин жана медициналык кызматкерлердин жетишсиздигинен улам жабылуу коркунучунда турат.
Армиянын командири Абдель Фаттах аль-Бурхандын аскерий күчтөр менен анын орун басары Мохаммед Хамдан Дагало (Хамидти) башында турган тез аракеттенүүчү күчтөрдүн ортосундагы салгылашуу 15-апрелде башталган. Ага тез аракеттенүүчү күчтөрдү таратуу боюнча Аль-Бурхан кол койгон жарлык себеп болгон.
Судандын Тышкы иштер министрлиги республикадагы кырдаалды жөнгө салууга көмөк көрсөтүүнү сунуш кылган өлкөлөргө ыраазычылык билдирди, бирок эл аралык кийлигишүүгө каршы экенин билдирди. Судандагы кагылышуу учурунда БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын үч кызматкери каза болду. 22-апрелде Кыргызстандын жети жараны учурда Суданда экени белгилүү болду.
«Кыргызстандын Сауд Арабия Королдугундагы элчилигинин акыркы маалыматы боюнча, Суданда Кыргызстандын жети жараны жүрөт. Алардын үчөө БУУнун Хартумдагы кеңсесинде иштешет», — деп билдирген КР ТИМ. Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга Судандагы куралдуу кагылышууга байланыштуу аталган өлкөгө барбай турууну сунуштап, ал жакта жүргөн мекендештерге аэропорт, аскер базалары жана өкмөт уюмдары жайгашкан райондордон оолак болууну эскерткен.