Домой Дүйнөдө Армениядагы митингчилер премьер-министр Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылышууда

Армениядагы митингчилер премьер-министр Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылышууда

50
Activists of '#merjirserjin' initiative under the leadership of MP Nikol Pashinyan hold a protest rally against former Armenian president Serzh Sargsyan to the post of Prime Minister on the Republic Square of Yerevan, Armenia, 17 April 2018

Ереванда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Россиянын президенти Владимир Путиндин Тоолуу Карабактагы согуштук аракеттерди токтотуу боюнча биргелешкен чечимине каршы оппозициянын митинги өтүп жатат.

Маалыматка ылайык, митингге чыккандар Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылышууда.

“Aysor.am” басылмасы маалымдагандай, полиция Эркиндик аянтындагы митингчилерди камай баштады. “Звартноц” аэропортунан борбор шаарга жолдо полиция рейддерди өткөрүп, бардык автоунааларды жана маршруттук автобустарды текшерип жатат. Курал-жаракты жана окторду табуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, Ереванда 10-ноябрга караган түнү Пашинян Россиянын жана Азербайжандын лидерлери менен биргеликте Карабакта ок атышууну токтотуу боюнча келишимге кол коюшкан. Андан кийин башаламандыктар жана нааразычылыктар башталган.