Домой Тагдыр Араванда атасы 15 жаштагы кызын зордуктап жүргөн

Араванда атасы 15 жаштагы кызын зордуктап жүргөн

126

Араван районунда 15 жаштагы кыз өз атасы тарабынан зордукталган. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга караганда зордукталган кыздын апасы 4 жыл мурун каза болгон. Атасы кызын 1 жылдан ашуун убакыттан бери зордуктап жүргөн. Кылмыш декабрь айынын башында белгилүү болду. Өспүрүм кыз учурда психологдордон жардам алууда. Ал кесиптик лицейлердин биринде окучу. Бирок декабрь айынан тартып сабакка барбай калган.
Айыл өкмөттүн социалдык кызматкеринин айтымында, өспүрүм кыз чоң энеси, атасынын карындашы, бир туугандары, өз атасы менен чогуу жашачу.

Ош ОИИБ билдиргендей, аталган факт 2019-жылдын 11-декабрь күнү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кылмышка шектүү катары өспүрүм кыздын 1976-жылы туулган атасы кармалган. Тергөө иштерин Араван РИИБдин жана Араван райондук прокуратурасынын кызматкерлери биргеликте жүргүзүшкөн. Шектүүнүн баш коргоо чарасы Араван райондук сотунда каралып, 2 айга камакка алынды.

Араван райондук прокуратурасынын маалыматына караганда, кылмыш иш 31-декабрь күнү Араван райондук сотуна жөнөтүлгөн. Шектүү кызын зордуктаганын мойнуна алган.

Булак: Турмуш