Домой Маданият Арабага түшкөн ыр. Шайлообек абам Дүйшеевге

Арабага түшкөн ыр. Шайлообек абам Дүйшеевге

356

тоолор, жайлоо

Асман-жерди казган ыр.
Обологон озгон ыр,
Обон кайрып созгон ыр.
Он эки күрөө тамырын,
Он эки бөлөк козгоп ыр.

Кужулдаган куурай ыр,
Куу такырга — буудай ыр.
Куйрук-жалы туудай ыр,
Куйкумдугу уудай ыр.
Күндөн түшкөн нурдай ыр,
Күкүктөгөн суудай ыр.

Табияты таза ыр,
Таамайлыгы жазайыл.
Маани-мазмун, маңызы,
Манерасы маза ыр.

Чөл сүйрөгөн чөккөн ыр,
Чөптөй жашыл өчкөн ыр.
Көр-тирликти көргөн ыр,
Көнөктөп көктөн төккөн ыр.
Томуктай жерин калтырбай,
Толуктаган, тоз кылган,
Тоголок башта бөксөңү,
Торгой Током, Жеңижок,
Толубай сынчы “өпкөн” ыр.

Жетим өскөн эчен ыр,
Жээренче чечен ыр.
Тебетейчен төгөт ыр,
Текеберге бөгөт ыр.
Эштек байке — элет ыр,
Элеттикке — белек ыр.
Көмүр тарткан Көк-Бейит,
Көркөмдүгү бөлөк ыр.

Көч уланып баратыр,
Көйкашка Мидин — парад ыр.
“Каргалар” деген канат ыр,
“Кайдыгерлик” — жараат ыр.
Дарс окуган сабат ыр,
“Дардаң мырза” — санаат ыр.

Дөңгөлөк ыр, дөңдөгү ыр,
Өзөктөн өсүп өнгөн ыр.
Жөнөкөй ыр, жөндөм ыр,
Жөргөмүш тор, жөргөм ыр.
“Карагайчы кемпир” ыр,
“Кашка жинди” өлгөн ыр.

Топ жарган күлүк таптап ыр,
Токтогул. Толук. “Аптап” ыр,
Кемеге. Кепкир. Кыздардын,
Кесмесин кошо мактап ыр.
Таштектеги “Эне тил”,
Тамызгы кылып жаккан ыр.
Учугун улап саптап ыр,
Умачтай көздү ачкан ыр.
Буудан күлүк чапкан ыр,
Булбулдай ыр бакта бул.
Алеңгир жаа тарткан ыр,
Калемгер ыр накта бул.

Ат-Башы, Нарын, Түптөй ыр,
Апам сааган сүттөй ыр.
Аксы, Чүй, Талас, Алай, Ош,
Арабадан түшкөн ыр.
Ак-Сай, Арпа, Чеч-Дөбө,
Аркалаган жүктөй ыр.
Ай-асманды таяган,
Айткан сайын бүтпөй ыр.
Шайлообек абам жазган ыр,
Шаршембиев “казган” ыр.

Бектурган Шаршембиев