Домой Саясат Ар бир иш, ар бир маселе көңүл борборунда

Ар бир иш, ар бир маселе көңүл борборунда

74

            33A1632A-E9DF-4332-A4C4-37DC18ACC228_cx0_cy7_cw0_w1597_n_r1_s

Президент Сооронбай Жээнбеков ага өлкөбүздүн ар кайсыл аймагынан ар кандай маселе камтылган каттар келип атканын жана аларга атайын убакыт бөлүп, керек болсо үйүнө алып кетип дагы окуп атканын буга чейин билдирген. Демек, ал мамлекетибиздеги ар бир жарандын үнүн угууга даяр экенин билдирген болчу.

Мамлекет башчысына келген кайрылуулар бир гана Кыргызстандын жарандары эмес, өлкөбүздө ишмердүүлүк жүргүзүп аткан чет өлкөлүк жарандардан да келип атканын айта кетүү керек. Буга чейин президенттин дарегине Япониянын жараны, «Кыял» аттуу япондук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Матсуда Синдзинин кайрылуусу келип түшкөн. Ал кайрылуунун маңызы – алдоо жолу менен кеткен акча каражатын аталган фондко кайра кайтарууга көмөктөшүү эле. Натыйжада япондук «Кыял» кайрымдуулук фондунун жетекчисинин кайрылуусунун негизинде козголгон кылмыш иши тергөөнүн ортолорунда бош өткөн убакыттарды толуктоо үчүн кайрадан тергөөгө берилди.

Кайрылуудан кийин Коопсуздук кеңешинин катчылыгы бул ишти өз көзөмөлүнө алган. Текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук прокурорунун жардамчылары Б. Доктурбеков жана М. Сооронкуловалар дисциплинардык жоопкерчиликке тартылышты. Биринчи Май райондук ИИБнин тергөөчүсү А. Аманалиевдин жоопкерчилиги кылмыш ишин кайра тергөөнүн жыйынтыктары боюнча каралат.

buy celexa online.