Өлкөдөгү соңку саясий окуялардан, тагыраагы Кой-Таш окуясынан кийин кыска аралыкта көз карандысыз көрсөтүүлөрү менен өз аудиториясын тапкан, оппозициялык багытта иш алып барып келген «Апрель» телеканалынын журналисттери алар жайгашкан «Медиа-Форум» имаратын бийлик күч менен жаап, телеканалдын журналисттерин көчөгө чыгарып салгандан кийин ишсиз калышкан эле.
Бирок, алар өлкөдөгү цензурага чөгөлөп калбай иштерин көчөдө болсо да жүргүзүп жатышкан. Бийликтин басма сөзгө болгон мындай мамилесине дүйнөлүк абройлуу уюмдардын бирден-бири болгон ЕККУ да өздөрүнүн сын-пикирин билдирип чыккан. Эми ошол «Апрель» телеканалынын журналисттери алачыктай студия болсо да ачып, коомчулукту ачык маалымат менен камсыздоо максатында алакандай жер болсо да жайгашып, өз иштерин жүргүзүү үчүн жай издеп жүрүшөт.
Массалык-маалымат каражатына болгон мындай өтө одоно жана жагымсыз мамиле Кыргызстандын тарыхында, кайсы бийлик доорунда ушундай жагымсыз окуя болгонун эстей албай биз турубуз.
Булак: Багыт