Домой Коом Анжелика: Мен кандай чүпөрөктү жамынсам дагы анын көркүн ачам

Анжелика: Мен кандай чүпөрөктү жамынсам дагы анын көркүн ачам

459

Эстрада ырчысы Анжелика жашоодо баары сүрөттөгүдөй кымбат эмес экенин айтып төмөнкү билдирүүнү калтырган:

“Эс алып эле жүргөндөй жашоону көп инста баракчалардан көрөсүң. Ойлойсуң, жашоосу жомок деп. Жеке менде андай эмес. Терең дем алып, жылмая карап бир чырк этип, тамактанбастан кумурскадай тытынмай. Менин режимиме, активдүүлүгүмө  бирөө дагы чыдабайт. Канчалык алдыга кеткен сайын ошончо жоопкерчилик жана чыгым. Бирок, кийинип, катуу сүйлөп, кымбат ресторандардан тамактанып жашагандай көрүнгүсү келгендерге бир кайрылуум – кайсы арыңарга? Дагы уялбай, жалаң “бренд” кийим кийбейсиңби дегендечи… Мен кандай чүпөрөктү жамынсам дагы анын көркүн ачам. Бардык нерсе адамдан. Адамдык сапатты биринчи орунга коюп, кайрымдуу болуп, жаман жашап, кыйналып жаткандардан жийиркенбе!!! Жашоо бумеранг!” дейт ырчы айым.