Домой Маданият Анжелика Кайратовна: “Көздүү мончок жерде калбайт”

Анжелика Кайратовна: “Көздүү мончок жерде калбайт”

111

Ырчы Анжеликанын жеке жашоосу ар дайым эл оозунда экени айтпасак да белгилүү. Учурда ырчы айым жакын адамдары менен Мальдивы аралында эс алып жүргөн кези. Анын жанында, “Сүйүктүүсү да барбы, болсо ал ким?” деген суроо күйөрмандарынын бүйүрүн кызытууда. Бул тууралуу Анжеликага байланышканыбызда төмөнкүлөргө токтолду: “Жакындарым жанымда, эс алуу мыкты өтүп жатат. Буйруса, эми мындан да күчтүүрөөк болуп, иштейин деп чечтим. Өзүм эле эмес кыргыз элимди кошо ушундай эс алууга шарт түзүп берейин деп жатам. Бул тууралуу кененирээк маалымат берем жакында. Жүрөгүмдүн ээсин таптым окшойт. “Бакыт тынчтыкты сүйөт” демекчи жеке жашоо тууралуу маалымат бербей турганым оң. Баары өз убактысы менен болот. Эң негизгиси мен бактылуумун! Буйруса жакында ал адам менен жакшы долбоорлордун үстүндө иштеп, ийгилик жаратабыз деген ниеттемин. Ал өтө идеяга бай, креативдүү инсан. Мени ар тараптан колдоп, коргоп алам деген сөзүнүн өтөөсүнө чыгып жатат. Сөз менен эмес иш жүзүндө жыйынтык көрсөткөн мырзаларды баалайт элем, дал ушул сапат бул инсанда бар. Андыктан, жакында менден жакшы жаңылык күтсөңөр болот. Анан дагы айымдарга айтаарым” “Турмуштун сыноолоруна эч качан чөкпөгүлө, “көздүү мончок жерде калбайт” дегенге ишенгиле, иштегиле, күчтүү болгула” дейт элем.

Булак: Гезит.кж