Коомчулуктун көңүл борборунда, чырдын чордонунда жүргөн ырчы айым Анжелика Кайратовна өзүнүн жеке жашоосунда өзгөрүүлөр болуп жатканын, ошол эле учурда кыздарына да камкордук көрсөтүп мээримден кем кылбай атасына да өз учурунда жөнөтүп тураарын жзар салды.
“Бир башкача сезим мени каптап турат. Жеке жашоомдун барактарында – керемет сезим менен коштолгон тарыхча жазылып баштады. Эң негизгиси- кыздарым эч нерседен кем болгон жок. Алар абдан бактылуу. Мен бардык жагынан камсыздаган, мээрим төккөн энемин. Үч кызымдын бир эле атасы бар жана болот! Каалаган учурунда атасынын койнунда, маңдайында”, – деген оюн жазды Анжелика.
Марат Өмүрбеков
Булак: Багыт