Домой Маданият Анжелика: “Эмне үчүн боюңда жок?” деген суроо үч айдан соң эле башталган…

Анжелика: “Эмне үчүн боюңда жок?” деген суроо үч айдан соң эле башталган…

114

Эстрада ырчысы Анжелика өзүнүн өткөн турмушу тууралуу төмөнкүлөрдү жазды:

“18жашыма жарым жыл калганда өз макулдугум менен кыргыздын каада-салты менен турмушка чыктым. Үйгө келип сөйкө салып алып кетишти. Эч нерсе түшүнгөн жокмун. Алты саат жол жүрдүк. Ызы-чуу, унаанын эшиги сынып калчудай ачып-жаап жатышты. Көрсө, жеңелер көрүндүк сурайт экен. 20 саат көшөгө артында кыймылдабай отурдум. Дагы 20 сааттан соң эшикке шейшеп илинди. Бетим кызарып, бир дагы адамдын көзүнө карай албадым. Кылмыш кылгандай эле болдум… Салттарыбыз аша чаап кетет кээде. Бир жыл бою азыр карантинде отургандай эле мектепте окуган кайнилеримди багып, үй оокатынан башымды көтөргөн жокмун. Ата-энемди сагынып ыйлап жүрдүм. “Эмне үчүн боюңда жок?” деген суроо үч айдан соң эле башталган… Кудай жалгап төртүнчү айда кызыктай болуп баштадым. Майлуу тамак көрсөм ыйлайм. Уккан сөзүм: “Сен тийгенге чейин жакшы эле болчуң, ушундай обу жок турбайсыңбы…” Же өзүмдү түшүнбөйм. Жашагым дагы келбей кетчү. Бул нормалдуу көрүнүш экенин билсем гана. 9 ай “дарбыз” менен чара, казан көтөрүп жүрүп, жүздөн банка жаап, эки маал пол жууп, эшике төшөк жайып, килем күүп, күйөөмдү көрбөй (Москвада болот) үй жумушчу эле болдум. Бир күнү жыла албай калдым. Катуу шишип кеттим. Акыркы ай апамдын үч өлчөм чөң кийимдери менен күндөрүм өттү. 18 саат кыйналып операцияга макул болдум. Айымка тентегим туурасынан жатып алыптыр. Ушинтип көз жумат экенмин да деп анда да ыйладым. Ийгиликтүү өтүп баары, бирок, үч күн башым көтөргүс ооруду. “Күйөөсү жок ыйлап жатат” деп жатышты. Азыр ойлосом андагы Анжелика үн катпаган жоош эле. Атам келип Айымды көтөрүп чыгарып кетти. Себеби, менин уруксатымды алып Айымдын атасы апасын ажылыкка алып кеткен. Ичимен кызым дагы кийин бизди баккан кыздардан болсун дедим. Бир жылда Айымканын атынан Айым-style салону ачылды. Экинчи жылы ырдагым келди. Себеби, бардык ырларымды радио-телеканалдардан алдырып салган мага “бакыт каалагандар”. Уландысын китебимден окуйсуздар….Райхан Бейшеналиева эже менен байланышып, 2009-жылы чыгармачылыгымдын экинчи деминде алгачкы ушул ырды жаздырдым”.

Булак: Багыт

View this post on Instagram

📖18жашыма жарым жыл калганда өз макулдугум менен кыргыздын каада салты менен турмушка чыктым. Үйгө келип сөйкө салып алып кетишти. Эч нерсе түшүнгөн жокмун. Алты саат жол жүрдүк. Ызы-чуу, унаанын эшиги сынып калчудай ачып-жаап жатышты. Көрсө, жеңелер көрүндүк сурайт экен. 20саат көшөгө артында кыймылдабай отурдум. Дагы 20сааттан соң эшике шейшеп илинди. Бетим кызарып, бир дагы адамдын көзүнө карай албадым. Кылмыш кылгандай эле болдум… салттарыбыз аша чаап кетет кээде. Бир жыл бою азыр карантинде отургандай эле мектепте окуган кайнилеримди багып, үй оокатынан башым көтөргөн жокмун. Ата-энемди сагынып ыйлап жүрдүм. Эмне үчүн боюнда жок деген суроо үч айдан соң эле башталган… Кудай жалгап төртүнчү айда кызыктай болуп баштадым. Майлуу тамак көрсөм ыйлайм. “Уккан сөзүм : сен тийгенге чейин жакшы эле болчуң, ушундай обу жок турбайсыңбы”… же өзүмдү түшүнбөйм. Жашагым дагы келбей кетчу😰. Бул нормалдуу көрүнүш экенин билсем гана. 9ай дарбыз менен чара, казан көтөрүп жүрүп, жүздөн банка жаап, эки маал пол жууп, эшике төшөк жайып, килем күүп, күйөөмдү көрбөй (Москвада болот) үй жумушчу эле болдум. Бир күнү жыла албай калдым🤰🏻. Катуу шишип кеттим. Акыркы ай апамдын үч өлчөм чөң кийимдери менен күндөрүм өттү. 18саат кыйналып операцияга макул болдум. Айымка тентегим туурасынан жатып алыптыр. Ушинтип көз жумат экенмин да деп анда да ыйладым. Игйиликтүү өтүп баары, бирок, үч күн башым көтөргүс ооруду. “Күйөөсү жок ыйлап жатат” деп жатышты. Азыр ойлосом андагы Анжелика үн катпаган жоош эле. Атам келип Айымды көтөрүп чыгарып кетти. Себеби, менин уруксатымды алып Айымдын атасы апасын ажылыка алып кеткен. Ичимен кызым дагы кийин бизди баккан кыздардан болсун дедим🙏🏻. Бир жылда Айымканын атынан Айым -style салону ачылды. Экинчи жылы ырдагым келди. Себеби, бардык ырларымды радио-твдан алдырып салган мага бакыт каалагандар. Уландысын китебимден окуйсуздар….Райхан Бейшеналиева эже менен байланышып, 🎵2009-жылы чыгармачылыгымдын жкинчи деминде алгачкы ушул ырды жаздырдым.🎵🎵🎵🎵🎵

A post shared by Кайратова Анжелика Кайратовна (@anjelika_kairatovna_official) on