Домой Коом «Анын сөккөнү да бар, өпкөнү да бар». Балбак Түлөбаев Гуля Алмамбетовага сыйлык...

«Анын сөккөнү да бар, өпкөнү да бар». Балбак Түлөбаев Гуля Алмамбетовага сыйлык берерин айтты

358

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев мурунку мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетованын кызматтан алынышы боюнча комментарий берди.

Ал маалымат жыйын учурунда кесиптеши менен тил табыша албай калганын жана ага пандемия шартында катуу иштегени үчүн ыраазычылык баракчасы тапшырыла турганын билдирди.

«Албетте аны жаран, аял катары мен сыйлайм, бирок аны менен иштей албайм. Анын көз карашы, философиясы башка. Шаар өзгөрүүдө, саясат өзгөрүүдө, эгер мен кимдир бирөө менен иштегим келбесе иштебей, алдыга жылышым керек. Албетте ал пандемия учурунда абдан жакшы иштеди, ал үчүн мэрия тарабынан ыраазычылык барагы ыйгарылат. Рахмат деп анын өзүнө деле айтканмын. Мен ким сөксө да кечирем, менин милдетим ошол. Анын сөккөнү да бар, тепкени да бар, өпкөнү да бар. Анын айткандарына көңүл бөлбөйм, кечирип койсун«, — деди Түлөбаев.

булак: super.kg