Пандемиядан кийин экономиканы калыбына келтирүү боюнча өкмөттүн так программасы жоктугуна коомчулук эчактан бери сын айтып келатат. Жакында ошол боштукту толтуруу максатында депутат Каныбек Иманалиев парламентке антикризистик план киргизгени белгилүү болду.
Анда депутат кыйынчылыктан чыгуунун бир канча жолун келтирген. Мисалы, “Манас” аба майданын, чет өлкөнүн жарандарына жер тилкелерин, “Кумтөрдү”, Кочкордогу жез кени “Сандыкты” сатууну жана Арсланбапты эркин экономикалык зонага айландырууну сунуштаган. Мамлекеттин болгон быдырын сатуу менен кризистен чыгарууну көздөгөн мындай анти-кризисттик программа эмнени сата койсок деп алаканын ушалап тургандарга табылгыс экени талашсыз.
Кыязы Иманалиев Сагынбек Момбековдун какшык аралашкан “Сат, сат” деген ырын түз түшүнүп алган окшойт.
Булак: «Майдан.kg»