Домой Маек Анна Кириленко: Кыргызстандагы таштанды полигондору эл аралык ченемдерге туура келбейт

Анна Кириленко: Кыргызстандагы таштанды полигондору эл аралык ченемдерге туура келбейт

552

Анна КириленкоКыргызстандын шаарларындагы, өзгөчө Бишкек менен Оштогу таштанды полигондору экологиялык коопсуздуктун эл аралык ченемдерине туура келбейт. Көзөмөлдөөчү маморгандарынын бул маселени чечүүдөгү эрксиздиги менен түзүлгөн көйгөйдү чечүүгө аракет жасабастыгы айлана-чөйрө үчүн эбегейсиз зор кесепетин тийгизүүдө. Калдыктарды керектөө жаатындагы жагдай менен бул маселени чечүү чаралары тууралуу “БИОМ” экологиялык кыймылынын өкүлү Анна Кириленко баяндап берди.

— Анна айым, таштанды маселеси боюнча түзүлгөн жагдайды эске алып, шаардагы таштанды чогултуучу жайлардын калкка болгон коркунуч деңгээлин кандай баалайт элеңиз?

— Көпчүлүк шаарларда таштандынын бир гана пайызы кайта иштетилээрин айта кетүү гана жетиштүү. Калган таштандылар сорттолбостон шаардын ар түрдүү полигондоруна келип түшөт. Элет жеринде болсо, бул адатта туш келди ыргытылган таштандылар калдыктарды сактоого ылайыкташтырылбаган, мыйзамга жана экологиялык коопсуздуктун технологиялык регламентине туура келбеген жерлер. Демек, булар адамдарга коркунуч туудурат. Мисалы, ит, мышык, куш жана малдан ар түрдүү оору-сыркоону жуктуруп алса болот. Адатта жугуштуу оорудан өлгөн малды полигондорго ыргытышат, демек алардын оорусу адамдарга да тарап кетиши ыктымал.

Кайталап кетейин, таштанды полигондоруна ар түрдүү жандыктар, алардын ичинде келемиштер да көп келет. Бишкектин таштанды чогултуучу жайын көздөй баратканда, ал жерде жапайы куштарды байкаса болот, себеби ал куштар ошол жердеги келемиш, чычкандарды кармап, тамактанат. Демек, булар ордо калаабыз үчүн чоң коркунуч туудурат. Ошто мен санитардык эрежелер менен ченемдерди орой бузганына күбө болдум, шаардын таштанды сактоочу жайында чочко багышат экен. Мал ээсинен чочко этин кайда кетиресиңер деп сурасам, ошол жердеги кытайлыктарга сатабыз дейт. Чынын айтсам, ошол эттен колбаса жасалып же шаардын базарларынан сатылып кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Себеби, таштанды жеп семирген малдын эти оор металлдарга ууланган. Мен бул тууралуу бир топ жолу Санэпидемкөзөмөл департаменти, Ош шаарынын мэриясына билдирген элем, бирок алар эч кандай чара көрбөдү. Көзөмөлдөөчү маморгандарынын алсыздыгы бизди чоң коркунучка түртүп жатпайбы. Маморгандары да, жарандар да, ишкерлер да таштандыларды кайра иштетүү маселесин көтөрүп жатканы кубандырбай койбойт. Бирок, курулай сөздү токтотуп, аракет кылыш керек да.

Табийгатта таштандылар болбойт, себеби бир организмдин калдыктары башкалар үчүн “субстрат” болуп кетет. Адам баласы болсо жаратылыштан белгилүү бир ресурстарды алып, алардан жаңы элемент жасап чыгат. Мисалы, өчүргүчтү алалы, табийгатта ал жок, демек аны майдалап, табийгат циклине кайтарып берүүчү микроорганизмдер да жок. Бул маселеде биздин максатыбыз кандай? Бактериялар тарабынан майдалануучу крахмал жана башка заттардын негизинде полиэтилен сыяктуу бирикмелерин жасоо же табийгатты тууроо жолун тандоо. Башкача айтканда, жагдайды циклге айлантуучу механизмдерди коомдо түзүү, мисалы, айнек өндүрүлүп, кайта жаратылышка кайтарылып берилиши керек. Кыргызстанда болсо биз экинчи жолду тандадык.

— Колдо бар полигондордун абалы кандай, алар санитардык жана экологиялык ченемдерге туура келеби?

— Учурда Бишкек жана Кыргызстандын башка шаарларындагы таштанды сактоочу жерлер эл аралык ченемдерге туура келбейт, Кыргызстандын ченемдери тууралуу айтуу кыйын. Мисалга, санитардык ченемдер менен эрежелер тилекке каршы сунуштама гана мүнөздө, ошондуктан аларга туура келүү жөнүндө сөз кылуу кыйын. Жакында өкмөт буга көңүл буруп, тиешелүү ченемдерин кабыл алып, ошону менен экологиялык коопсуздукту жогорулатабы деген үмүттөмүн. Полигондор таштандылар жер алдындагы сууга түшүп кетүү, ал жерге адам менен жаныбарларды киргизбөө сыяктуу жөнөкөй коопсуздук эрежелерине көбүнчө туура келбейт.

Азыркы күндө таштандылар чогултуучу жерге калдыктардын бардык түрү, ошондой эле кооптуу таштандылар, мисалы, лампочка, батареялар чогултулат. Кооптуу заттарды өзүнчө жыйнап, керектөө системабыз жок. Калдыктардын баары бир жерге чогултулуп, ал жерде кандай баш аламандык болуп жатканын элестетип көргүлө. Албетте, атайын чара көрүү керек, бирок ал азырынча долбоор түрүндө гана.

— Таштандыларды акылсыз пайдалануу эмнеге алып келет? Бишкектин таштанды полигону экологияга кандай таасир тийгизиши мүмкүн?

— Таасири биологиялык жана химиялык спектрде болушу мүмкүн.

Биология тууралуу жогоруда сөз кылдык. Мындан тышкары, таштандылар сакталуучу жайда өрт чыгып турат. Калдыктар биринин үстүнө бири жыйылып, анын ар түрдүү катмары өрттөнөт. Таштандылар аралаш болгондуктан, анын арасында пластик, синтетика бар жана ал күйгөндө көп сандаган зыяндуу химиялык заттар бөлүнүп чыгат. Алардын бири — диоксин, анда канцерогендүүлүктүн төмөнкү деңгээли жок. Ошондуктан анын бир аз гана бөлүгү ден соолукка зор зыян келтириши мүмкүн. Ошол эле мезгилде абадагы диоксиндердин деңгээлин эсептеп берүүчү лабораториялар Кыргызстанда чанда гана кезигет. Бул затка ууланган аба калк үчүн өтө зыян. Мындан тышкары, оор металлдарга толгон таштандылар жер алдындагы сууларды булгап кетиши да ыктымал.

— Айлана-чөйрөгө зыян келтирбей туруп таштандыларды кантип керектесе болот?

— Бул тармакта зор эл аралык тажрыйба топтолгон. Таштандыларды бөлүштүрүп, экономикалык циклге кайта киргизүүгө мүмкүн болбогон калдыктарды полигондо керектөө өтө маанилүү. Уулуу калдыктар сөзсүз түрдө өзүнчө жыйылып, өлгөн жандыктар экологиялык эрежелер боюнча өзүнчө чогултулушу талапка ылайык болот. Компост семирткичтерин өндүрүүгө өзүнчө көңүл бөлүү зарыл. Бишкектин таштанды чогултуучу жайында жалбырактарды өзүнчө, азык-түлүк калдыктарын өзүнчө бөлүп, алардан жер семирткич жасоо тажрыйбасы болгон эле. Ошондой ыкма менен биз таштандылар спектрин кыскартууга жетиштик.

Мындан тышкары, Бишкек тургундары үйүндө таштандыларды чыгарууну болушунча азайтуу тууралуу ойлонушу керек. Мисалы АКШ, европалык өлкөлөрдө үй-бүлөлөр канча таштанды чыгарарына көз салып, күнүнө калдыктардын санын кыскартып отуруп, акыры таштандыны бир гана баштыкка толтуруп чыгарып турушат экен. Биз да таштандылардын санын кыскартуубуз керек.

Европада азык-түлүктөрдү кагазга оробой сатуучу дүкөндөр пайда боло баштады. 200 грамм айран сатып алганда биз желим чыны менен желим пакет алабыз да аны көп болсо бир-эки күн пайдаланып, ыргытабыз. Мунун баары экологияга жүктөлөт.

Полигондорго да көңүл бөлүү зарыл. Айрым өлкөлөрдө таштанды сакталуучу жайлар жок кылынып, рекультивдештирүүдөн кийин ал жерде мурун калдыктар сакталчу деп эч ким айта албайт.

Айбек Шамшыкеев