Жалпыга маалым болгондой Жылкыбаев Узарбек Казиевич элибиз ишенген, келечегинен көптү үмүттөндүргөн жигердүү жаштардын бири. Ал жаштыгына карабай Жогорку Кеӊештин депутаты, Ысык-Көл жана Ош облустарын жетектеп, өзүн көрсөтө алды. Биз Узарбек мырза менен ордолуу Ошто иштеп турганда аткарылган иштер , саясат ж.б. көйгөйлөр боюнча кенен кеп курдук.
—Узарбек мырза, шайлоого аттанууга негизинен кандай себептер түрткү болду?
—Буга себеп катары Кыргызстаныбыздагы абал, шарт түрткү берди окшойт. Бирок башында шайлоого катышайын деген ой жок болчу. Айрыкча пандемия башталгандан бери өлкө боюнча иш катуу жүрбөдүбү. Пандемия биринчи Ошто башталбады, ошондо күнү-түнү аракет кылып жатып, пандемияны азайтууга, кесепетин жоюуга аракет кылдык. Мунун баары биз үчүн чоӊ сабак болду. Ал эми шайлоого катышуу боюнча сунуштар түшө баштаганда, өзүбүздүн командабыз менен кеӊешип олтуруп, бир нече партиялардын ичинен “Республиканы” тандап алдык. Себеби, бул партиядагы Мирлан Жээнчороев, Руслан Казакбаевдер менен бирге иштешип, саясатта көз караштарыбыз дал келген учурлар көп болгон.
—Биздин билишибизче сизди партияларына чакырган саясатчылар көп эле болду окшойт…
—Аны жашырбайм. Мага “Жаӊы-дем-Ата Мекен”, “Бир бол”, “Кыргызстан” партияларынан сунуштар түштү.
—Ош облусун жетектеп турганда аткарылган айрым алгылыктуу иштерден кеп салсаӊыз…
—Мен үчүн Ысык-Көл, андан кийин Ош облусун жетектөө чоӊ тажрыйба болду. Мага ишенип, ушундай кызматтарда иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүп берген өлкө жетекчилерине ыраазымын. Ордолуу Ошто 2 жыл ичинде бир топ иштерди аткарууга аракет кылдык. Биздин облустардагы көйгөйлөр, социалдык маселелер негизинен окшош. Канал, БСР, мектеп, бала-бакча, жол ж.б. куруу дегендей. Биз ишибиздин баарын анализдеп чыгып, көп тармактарга, анын ичинен айыл чарба багытына көбүрөөк көӊүл бурууга аракеттендик. Бир мисал айтайын, Ысык-Көлдө Япониянын көмөгү менен “Бир айыл, бир продукт” деген долбоор 10 жылдан бери ийгиликтүү иштеп келатат. Биз ошону Ош облусуна жайылтканга аракет кылдык. Анткени бул долбоордун негизинде Ысык-Көлгө миллиондогон инвестиция болгондон тышкары, 2300дөн ашуун адам иш менен камсыз болушкан. Ушундай эле ийгиликтерди ошол эле долбоор менен Ошто да жүздөгөн адамдар жаратып жатышат десем болот. Ош облусунда туризмди өнүктүрүүгө абдан жакшы шарттар бар экен. Мына ушул маселеге да басым жасадык. Анткени, 3 миӊ жылдык тарыхты камтыган Ошто керемет жерлер, тарыхый жайлар абдан көп. Биз туризмди өнүктүрүү кеӊешин уюштуруп, өзүм да теӊ-төрага болуп, туристтерди тартуу, аларга шарт түзүү боюнча бир топ иштерди аткардык. Быйыл Жогорку Кеӊештен бекитилип, президент кол койду. Дүйнөлүк банктан Ош облусун туруктуу өнүктүрүү боюнча 60 млн. доллар алуу боюнча. Бул каражаттын жарымы насыя, жарымы грант. Бул акчага жасала турган негизги сунуштардын тизмесин түздүк. Буюрса, бир топ көйгөйлөр чечилет. Ошто иштеп турган мезгилде 57 социалдык обектилерди бүтүрүп, ишке бердик. Бирок ал мекемелерди курууда бизге чейин да иштеген жетекчилердин салымы чоӊ экенин айта кетишим керек. Анткен менен бул багытта да жасала турган иштер көп. Неге дегенде эл көп, көйгөй арбын, шарт оор. Мисалы, Ошто эки тоонун ортосунда жайгашып калган кээ бир айылдарда үлүш жер деген такыр жок. Аларга бул маселе өтө көйгөйлүү да. Ошондуктан андай айылдар мал чарбасына басым жасашат. АРИС программасы боюнча 20 миллион долларга сунуш берип, алар колдоого алышты. Ал каражатка негизинен: бал өндүрүү, сүт, эт, жүн өндүрүү иштери ийгиликтүү жүрдү. Малды асылдандыруу боюнча атайын адисттерди чакырып бир топ семинарларды уюштурдук. Бул багытта да алдыда жасал турган көп иштер бар.
—Чечилбей калган кайсы маселелер болду?
—Жол салуу багытындагы иштерди айтсак болот. Мисалы, Ош-Баткен багытындагы жолду айталы. Жалпысынан 100 чакырымдык аралык да. Буга чейин салынып калганы дагы бар. Бирок Ноокат шаарын аралап өткөн аралыкты шаардын ичи менен аралап өтпөй, сырты менен айланып өтүү үчүн атайын жол курулуп калса жакшы болмок. Ушундай эле көрүнүш Өзгөн шаарында да да бар. Бул шаарда 60 миӊден кем эмес эл жашайт. Көчөлөрү тар, жашоочуларга да, унааларга ыӊгайсыздык жаратып келет. Ал шаарга да сыртынан айланып өтүү боюнча атайын жол салыныш керек. Аралык деле анча узун эмес. Биз бул иштерди ишке ашыруу үчүн көп аракеттерди кылдык. Эл аралык уюмдарга кайрылдык. Бирок бул боюнча дагы аракеттер көрүлүшү абзел.
—Бизге белгилүү болгондой сиз Ошто иштеп турганда билим берүү багытына да көбүрөөк аракет кылып, бир катар алгылыктуу иштерди ишке ашырганга аракет кылдыӊыз окшойт…
—Туура баамдагансыздар. Билим берүү тармагына биз өзгөчө көӊүл бурууга аракет кылдык. Ош облусу ОРТ, Алтын сертификаттардын жыйынтыгы боюнча Ош облусу ар дайым аррта болуп келген экен. Эми ага да себептер бар экен. Облуста кыргыз-түрк лицейи сыяктуу лицейлер жок экен. Болсо да Ош шаарына тиешелүү болуп калат. Биз Ош шаарынан курулуш компаниялары менен сүйлөшүп, бир топ мугалимдерге арзан баада үйлөрдү алып берүү аракеттерин кылдык. Мектеп директорлор, мугалимдер да жакшы аракет кылышты. Бир топ мугалимдерге үй-салууга жер алып бергенге жетиштик. Бирден бир жакшы жыйынтык – бул быйыл ОРТнын жыйынтыгы боюнча Ош облусунан Кабылан –Көл айлынын окуучу кызыбыз 229 бал менен республика боюнча 1- орунду алдык. Мындай көрсөткүч Ош областы боюнча боло элек болчу. Себеби, Бишкекте эмне деген мектеп, лицейлер бар. Аларда окушкан күчтүүлөрдүн ичинен да күчтүү болуп, суурулуп чыгуу бул өтө чоӊ жетишкендик да. Андан тышкары 14 окуучубуз Алтын сертификатка ээ болду. Мунун баары чоӊ жетишкендик. Себеби, биз билимдүү, илимдүү жаштар менен жаркын келечекти кура албыз. Андыктан, билим берүүгө чоӊ көӊүл буруу зарыл.
—Буга чейин да айтылып келген. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн укуктары чектелүү, көп нерсе чече албайт. Ал чечип коё турчу укуктарды өкмөт өзүнө “байлап” алгандыгы көп сөз болуп келет. Сиз Ысык-Көл облустарын жетектеп, бул маселени жон –териӊиз менен сездиӊиз го. Пикириӊиз кандай?
—Жалпысынан алганда туура эле айтылган сын-пикирлер. Чынында укук-ченемдиктер чектелген, мүмкүнчүлүктөр аз. Атын эле өзгөртүп койду дегендер бар. Андай эмес. Мыйзамдык база да бир топ өзгөргөн. Мурун облустук администрация иштесе, азыр аппарат иштейт. Бул багытта менин жеке пикирим: облустук бюджетти ачыш керек. Азыр респуликалык жана жергиликтүү болуп, эки баскычтуу бюджет да. Ушуга облустук бюджет да өзүнчө ачуу зарыл. Себеби,облуста пландалган иштер өз убагында кечикпей аткарылып,өз алдынча бир топ иштерди бүтүрөт эле. Бюджет маселесин Жогорку Кеӊеште караганча жай бүтүп, акча бөлүнгүчө күзгө жетип калып жатабыз. Бул маселени менен өкмөттүн жыйынында өкмөт башчыга да көтөрүп айттым эле. Мисалы, курулуш тармагын эле алсак, бул багытта облустук жетекчилик ыраттуу иштерди жүргүзөт эле. Кээ бир мектеп, же бала –бакча кереги жок болсо да депутаттын айылы болуп калганы үчүн салынып калган учурлар бар. Ошол эле учурда кошуна айылдарда мектептердин чатырынан суу агып турган болот. Мындай көрүнүштөрдүн баарын иретке салуу зарыл.
—Саясат боюнча кайрадан кеп кылсак. Адатта бийликке жакын болуп, чоӊ кызматта иштегендер шайлоого катыша турган болсо сөзсүз бийликтин партиясынан талапкер болуп талпынып чыгышчу эле. Сиздин тандооӊуз тескери болду. Бул боюнча да ар кандай кептер чыкты. Жылкыбаев Өкмөт башчы болот эле, болбой калып “Республикага” кирди деген сындуу…
—Баса белгилеп айтып коёюн. Мага өкмөт башчылык кызматка сунуш болгон эмес. Барайын деген да оюм жок болчу. Өкмөт башчы болуу чоӊ жоопкерчилик. Азыр эми баары эле өкмөт башчы болгусу келишет. Орой айтканда “Иттин уулу Байгара да” болгусу келет. Бирок, деӊгээл, тажрыйба, билим, башкаруучулук талант деген маселени эч качан унутпашыбыз керек. Ал эми бийликтин партиясынан мага сунуш болгон жок. Бирок мындай алганда кимди, кайсы партияны бийликтин партиясы деп айта алабыз. 2015-жылы ЖКга 6 партия өттү. Кимиси укмуш оппозиция болду? Баары эле бийликке жан тартып иштешти да.
—-Бул шайлоого катыша турган көп эле аттуу-баштуу, белдүү деген адамдар эмгиче кызматын өткөрбөй талапкер болуп жүргөндөрдү көрүп жатабыз. Бул көрүнүш Баш мыйзамга каршы келет экен. Бул багыттан алып карагнда биринчилерден болуп сиз кызматтан кетип, шайлоого катышканы турасыз? Ушул маселе боюнча пикириӊизди уксак…
—Баардыгы мыйзам чегинде болушу керек. Балким мыйзам ошого жол берип жаткандыр. Анткени шайлоо боюнча да мыйзамдар да бар да. Аны карап көрүш керек. Негизи, кандай болгон күндө да чоӊ кызматтагы адам кызматын өткөрүп берип, анын шайлоого талапка ылайык катышышы абзел. Мен мыйзамды сыйлап, ушундай кадамга бардым. Андай жат көрүнүш менин абийириме туура келбейт.
—Сиздин баамыӊызда шайлоодон шайлоого чейин элдин аӊ-сезими өзгөрүп жатабы?
—Өзгөрүп жатат деп айтсак болот. 2015-жылдан бери биометрикалык система менен шайлоо өтүп, шайлоонун тазалыгын камсыздай баштады. Өзүӊүз билесиз, мурун укмуш “фокстар” болчу эмес беле. Азыр эми андайлар жок. Азыр шайлоочуларды сатып алуу, жеӊ ичинде сүйлөшүү сыяктуу терс көрүнүштөр көчөлөрдө болуп жатат. Мунун баары элдин өзүнөн. Мен өз тажрыйбамда 7 шайлоого катыштым. Бир да жолу акча сунуштап, добуш сатып алганым жок. Бул нерсе менин ар-намысма туура келбеген ыплас нерсе.