Домой Коом Анар: Күйөөм отузга чыкпай төшөктө алсыз болуп калды…

Анар: Күйөөм отузга чыкпай төшөктө алсыз болуп калды…

397
Тагдырдын ар кимге берген сыноосу сырттагы адамдарга бирде байкалса, бирде байкалбайт. Маселе анын ачык же кѳмүскѳ түрдѳ экенинде эмес, аны кантип кѳтѳрүп, жеңүүсүндѳ эмеспи.Анардыкындай жашоо кѳпчүлүккѳ тааныштыр. Бирок анын баарын жакшы жакка буруп жашаганы жогорку баага татыктуу.

«Таттуу таанышуу»
Жогорку окуу жайды аяктап эле кесибим менен мектепте иштеп калдым. Айлыгым аз болгондуктан түштѳн кийин менчик билим берүү борборунда сабак берип, ага кошумча жашаган аймагыма жарнамаларды илип коюп, чакыруу менен барып ийне сайчумун.Эки жыл окуп алган медициналык училищедеги билимим чѳнтѳгүмѳ эле эмес, бүт ѳмүрүмѳ пайдасын тийгизди десем болот.
Данияр деген жигитке он күн эки маал каттадым. Орусиядан бери поезд менен келгенгеби же мурда эле катуу суук тийгизип алганбы, айтор, катуу ооруп калыптыр. Таң менен ийнесин сайып берип мектепке ѳтѳм, кайра келатып дагы кирем. Акыркы күндѳрү кадимкидей оңолуп, баштагыдай кабагын чытпай кепке келип калды. Акыркы күнү кетип жатканымда мага таттуу сунду. Ыңгайсыз болуп турганымды байкай коюп:
— Алып кой. Колуң жеңил экен. Абдан ыраазымын,- деди.
— Жѳн эле коёюнчу. Бекер иштеген жокмун го,- дедим. Себеби чоң кутудагы «Рафаэлло» таттуусун колума кармап чыгуудан уялдым. Оозгу үйдѳ Даниярдын ата-энеси дайыма телевизор кѳрүп отурган болушат. Анымды билип койгонсуп:
— Муну апам айтып, атам алып келип берди. Мени дале сыртка чыгарбай жатышат,- деди жылмайып.
— Анда апаңыз эле берсе болмок экен.
— Башында апама мен айткам да.
Экѳѳбүз тең чын дилден күлүп алдык. Айтор, акыры таттууну алып, коштошуп сыртка чыктым. Ата-энеси да сонун адамдар экен, акымды ашыгы менен берип, алакан жайып бата тилеп узатышты. Ачка элем, сыртка чыгып эле таттууну ачып, оозго салып кудуңдап бараттым.
«Ала качуудан курулган бүлѳ»
Аялдамада унаа күтүп турсам баягы Данияр машинасы менен келип токтоп калды. Бул райондон жумуш бүтүрүп үйгѳ кетип баратканын айтып, ала кетейин деди. Бир аймакта жашайт эмеспизби, анын үстүнѳ тааныш да болуп калганбыз деп отуруп алдым. Бир аз жылгандан кийин мага баягыдай «Рафаэлло» таттуусун сунуп, «бул жолу ѳзүм алдым» деп жылмайды. Ал менин үйүмдүн так дарегин сурабай эле ѳзүнүн үйүнѳ бурулуп кетти.
Унаасында мен бар экенимди унутуп калды го дегенимче болбой жарыктары башкача жанып, чоң ачылган дарбазадан адаттан кѳп кишилердин караанын кѳрдүм. Аңгыча унаа үйдүн алдына чейин кирип барып, машинанын эшигине аялдар чукулдаганда мени ала качып келгенин билдим. Алышып, айтышып, аягында отуруп калдым. Ошентип, таанышуубуздан эки ай ѳтпѳй ала качуу жолу менен бир бүлѳгѳ айланып калдык. Данияр дайыма «аял күнүмдүк оокаттардан тышкары үй-бүлѳсүнүн ден соолугуна ѳзү кам кѳрѳ алса, анан балдарына билим бере алгандай болсо эң сонун да. Ушундай сонун аял болоруңду башында эле билгем» деп айтып келет. Биз чын эле сонун үй-бүлѳ болдук. Бизди кѳргѳндүн баары суктанышат, анан дайыма «аябай окшошсуңар» деген комплимент угабыз. Эки уулубуз менен кызыбыз да бири-бирине окшош.
«Балалуу болуп жетишип калалы»
Тунубузду чоң кыйынчылык менен жарыкка алып келдим. Эл ооруканадан эки-үч күндѳ чыгып кетсе, биз жыйырма күн дегенде араң чыктык. Баламдын чабалдыгына катуу санааркагангабы, мен да зорго тыңыдым. Балабыз бирге чыккан кезде гана этек-жеңим жыйылды го. Экинчисин тѳрѳѳ тууралуу ойлонмок турсун ошону ойлонгондон да коркчумун. Чынын айтсам, баланын түйшүгүнѳн улам жолдошум менен тѳшѳктѳ деле оңдуу катышпай, күндѳрүм чарчоо, санаа менен будаланып эле ѳтүп калган.
Бир күнү жолдошум бул жаатта олуттуу кеп баштады.
— Биз бат-баттан кѳп балалуу болуп жетишүүбүз керек.
— Эмне болду анча? Буюрса болот да.
— Болот дечи. Бирок мен эртелешибиз керек дегенди айтып жатам. Мен кѳп балалуу болгум келет. Бирок…
— Уулубуз бакчага барсын. Менин организмиме деле эс алуу керек.
— Укчу! Мен ансыз деле сени аял катары бактылуу кыла албай келатам. Эркек катары сени канааттандыра албай жүрѳм…
Биздин тѳшѳктѳгү салкын, анда-санда бир кучак жайышкан жашообуз үчүн мен ѳзүмдү күнѳѳлѳп жүрсѳм, Данияр ѳзүн менден бетер күнѳѳлѳйт экен.
— Орусияда суукка карабай иштеп ден соолукту такыр талкалаптырмын. Минтип отуздан ашып-ашпай жатып жаштыктын жыргалын жыйыштырып баратам. Катуу суук тийген. Доктурлар мага эбак эле эрте балалуу болуп жетиш деп эскертишкен. Ошондуктан азырынча менде ал-күч барда дагы тѳрѳшүң керек.
Ошол маалда айткандарына ишенген деле жокмун. Бирок кийин мамилебизге тыкыр кѳз салып, ага байкоо кыла баштадым. Кѳрсѳ, биздин тѳшѳктѳ аз болуубуз чын эле андан кѳз каранды экен. Терең ойлоно келсем, андагы маселенин жанында менин организмим эс алышы керек дегеним арзыбаган эле нерсе болуп калды. Акыры тѳрѳѳнү чечтим. Кийинки жылы экинчи уулубуз, ага удаа кызыбыз жарыкка келди.
«Экѳѳбүз гана билген оор күндѳр»
Ошентип, жашообуздун беш жылы бала басты болуп ѳттү. Удаа тѳрѳлгѳн балдарды торолтуу, чоңойтуу кандай кыйын. Биринин артынан бирин тѳрѳгѳнүм бир туугандарыбызды таң калтырып, айрымдары «ай, болду эми кичине сактан» дешсе, теңтуштарыбыздын арасында ѳзүнчѳ тамашага айландык. Алар биздеги маселени кайдан билишсин.
Даниярдын эркинде болсо ал беш балалуу болууну каалачу. Мен тѳрѳтүм оор болгондуктан үч балага да каниет деп калдым. Бизге Кудайдын берери да үч бала болсо керек. Чын эле кѳп ѳтпѳй биздин тѳшѳктѳгү жашообуз биротоло жыйынтыкталды. Кызыбыздан кийин күйѳѳм экѳѳбүз интернетти казып, кулагыбыз чалган жерлердин баарына барып дарылануунун түрүн кылдык. Ага чейин эле бул боюнча дары-дармектер, витаминдерди кабыл алуудан тажап жүргѳн күйѳѳм ѳзүн таштап салды. Үмүт үзүп койду. Ал үчүн алдымда ѳзүн күнѳѳлүү сезип, тумчуга баштады. Кээ күндѳрү ѳзүнѳн-ѳзү кыжырданып, мени жектеп кетчү болду. Чынын айтсам, мага да оңой болгон жок. Аялдарда улам тѳрѳгѳн сайын тѳшѳктѳгү каалоо жогорулаарын баары эле билет эмеспи. Кыжырданып, кыжалаттанып же каалап-күткѳнүмѳ жете албай туталанган күндѳр болду. Жок дегенде бирѳѳгѳ айта турган сыр болсочу. Эч кимге кѳрүнбѳй ыйлап-ыйлап алам. Данияр экѳѳбүз күн бою жакшынакай сүйлѳшүп, тамашалашып жүрѳ беребиз. Жат-жатка келгенде эле бир кызыктай болуп кебибиз жалганбай баштайт. Кээде билмексен болуп эки тарапты карап уктап калсак, кээде кер-мур айтыша кетебиз. Ал аз келгенсип баягы акылдуулар «кыз баланын жалгыз болгону жаман. Эми бир кыз тѳрѳп ал» дешет. Дагы бир кезде кызганууну билбеген күйѳѳм ар кадамымды тескеп, телефонумду аңдып кызганчаак болуп кетти. Мындай кызганчаактыгы менен мени иштетпей турганын түшүндүм. Анан жарасын тырмагансып иштейм деп чыкпай эле коёюн деп чечтим.
Ошондон баштап үйдѳн курак курап баштадым. Анын арты менен түнү уктаганды дээрлик токтоттум. Бизди кыйнаган маселе да ушуну менен солгундай түштү. Баарын жаткырып коюп түн бир оокумга чейин курак курайм. Күн ѳткѳн сайын курактын кызыгына кирип, баш оорум азайды.
«Тагдырга баш ийдик»
— Ошентип, үч-тѳрт жыл дегенде тагдырыбызга толук баш ийдик. Мен сыяктуу жашаган аялдар кѳп экенин билдим. Жашоомо нааразы боло берүүдѳн, таарынычтан зыян гана таппасам, пайда кѳрбѳсүмдү түшүндүм. Оор күндѳрдѳ жашай бербей анын баарын артка калтырып салгым келди. Жакшысы, бирибиз да ажырашуу тууралуу ойлогон жокпуз. Биз түнкү жашоону ойдон тазалап, эстен чыгарганча балдарыбыз да чоңоюп калышты. Экѳѳбүз эки жактан жанталаша иштеп, аларды мыкты мектептерге берүүнүн камын жедик. Жыйынтыгында экѳѳбүз эл кѳзүндѳ баштагыдай эле бактылуу үй-бүлѳ болуп келатабыз. Ар жумада балдарыбыз менен жаңы орундарга барып эс алуу салтыбыз бар. Ата-энебиз да, балдарыбыз да биздин урушканыбызды кѳрүшкѳн жок. Бири-бирибизди ѳтѳ аяп, кѳңүлүбүздү карап келебиз. Ортобузда ушундай сый, ынтымак бар экенине ыраазымын. Баса, Данияр мага баягы «Рафаэлло» таттуусун күтүүсүз сунуп кубантууну такыр унутпайт.
                                                                                                                 АЯГЫ
Булак: Леди KG