Домой Саясат Анапия: Уулум сабалган видеону көргөндө жүрөгүм чыдаган жок

Анапия: Уулум сабалган видеону көргөндө жүрөгүм чыдаган жок

229
— Эже , Асылбек канчанчы балаңыз?
— Биз Ат-Башынын Казыбек айылынан болобуз. Атасы экөө буз беш баланы багып өстүрдүк. Айылда мал менен жан багабыз. Асылбек тун уулум. Мындан беш жыл мурда үйлөнүп, келинчеги менен шаарга көчүп келген. Ортосунда Арген деген үч жарым жаштагы уулу бар. Балам ушул күнгө чейин бирөө менен мушташмак тургай, адамдын шагын сындырып сүйлөчү эмес. Өз оокатын кылып келген. Үйгө жылуулук киргизген тармакта иштеп үй-бүлөсүн багып жаткан болчу.
Мушташ эмнеден улам чыкканын биле алдыңызбы?
— Уулум үч досу менен 28-августта эртең менен теңтуш балсын Москвага узатышмак. Достору менен таң эрте ошол баланын эшигинин алдынан жолугушат. Бир аз сүйлөшүп туруп, кете турган бала сумкасын алып чыгайын деп үйүнө кирип кетет. Ал ортодо жанагы экөө ошол үйдөн чыгышат. Улан менен тиги баланын ийиндери тийишип кеткенби, aйтop, дароо эле “басканың жакпай жатат” деп кекетип кириптир. Ошол жерден экөө тиреше кетет. Жанында турган достору ажыраталы деп ортого түшөрдө тигил жактан экинчи бала басып келип Улан деген досун кастет (колго кийилчү темир) менен жаакка муштап жиберген. Улан жыгылгандан кийин Асылбекке кол салышкан. Асылбекти кууп жетип буттан чалып жыгып, сабап, башка тепкилеп, үстүнө чыгып секирип мыкаачылык менен сабаган. (Ыйлап) Уулумдун канжалап жаткан видеону коргонго жүрөгүм чыдаган жок. Башка тепкенде эле комага түшүптүр, ага карабай үстүнө чыгып секирип кайра-кайра башка тепкен кандай мыкаачы неме?! Мага кабар берери менен ошол күнү атасы экөөбүз кетип келдик. Биз келгенде улубуз оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатыптып.
— Учурда абалы кандай ?
— Дарыгерлер дагы деле оор деп айтышууда. Баш мээси чайкалган, кан көп кеткен. Мындан аркы ден соолугу кандай болот билбейм. Жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которушкан. Башын көтөрө албайт, кыймылдаганга болбойт. Эч кимди тааныбай жатат. Баласы үч жарым жашта, “Арген кырк бирдеби? ”деп сурап, жөөлүп ар кайсыны суйлоп жатат. Доктурлар жакшы болушу мүмкүн деген гана божомолду айтышты. Азыр келинчеги күнү-түнү жанында.
Ал балдардын ата-энеси алдыңарга келдиби?
— Ата-энеси келди. Апасы муздак тиктеп гана отурду. Атасы ыйлап кечирим сурады. Булардын тамыры кенен жайылган, таанышы көп немелер экен. Экөөнүн бир тууган агасы Казыбек Бопушев менен аялы Алина ИИМде иштешет экен. Видеодо тез жардам кеткенден кийин милиция келип алып кетерде ошол агасы келип унаасына салып кетип жатат. Дароо эле агасына чалышкан окшойт. Тиги экөөнө кайра менин балдарымдын үстүнөн арыз жаздыртып, анан качырып жибериптир? Угушубузга Караганда, “Ош базарында” шым сатып иштешет экен. Биздин окуядан кийин “биздин балдарды да ушинтип сыздаткан” деген билдирүүлөр келип жатат. Мындан беш-алты жыл мурун кафеден мушташыптыр. Ал жактагы балдарды да дал ушундай абалга жеткириптир. Бирок анысы коомчулукка чыкпай жең ичинен бүткөн тура. Улуусунун мурдагы кайын-журту чалды. “Биздин кызыбызды сабап, майып кылып коёрдо ажыраштырып жаныбыз калган”,- дешти. Агасы кызматтан алынып эле тим болбой, ага да кылмыш ишин козгоп, татыктуу жазасын алуусун каалайм. Себеби тиги экөөнүн кылыктарын жаап-жашырып жүргөнү үчүн жооп бериши керек. Кайсы жерге барбайлы, агасы тууралуу » тажрыйбалуу,оңой опер эмес» деген сОздОрдУ угуп жатабыз.
— Видеону сиздер алып коомчулукка жайылттыңыздарбы?
— Ооба, ошол эле күнү Асылбек менен Улан ооруканага келип түшкөндө туугандарыбыз мушташ болгон дүкөндүн жанына барышыптыр. Чоң дүкөндө кантип камера болбосун деп коопсуздук кызматкерлерине кайрылышканда алар видеого түшкөн мушташты көрсөтүшүптүр. Бирок бербейбиз деп башында макул болушкан эмес экен. Мыйзам чегинде сүйлөшкөндө гана беришкен экен. Туугандарыбыз дароо ал видеону социалдык тармактарга чыгарышты. Тиги зөөкүрлөр видеого түшүп калганын билген жок болуш керек. Эгер билсе бизден биринчи жетип далилдерди жок кылмак да. Буга чейин ушинтип эле артын тазалап жүрүшчү тура. Биздин жалгыз далилибиз ошол видео болуп калды. Болбосо алардын күнөөсүн далилдей албай сыздап кала бермек турбайбызбы. (Ыйлап) Эчкимге зыяны тийбеген балам минтип чала жан болуп калды. Кийин майып болуп калса эмне болот?! Баш деген оңой эмес да, талуу жерин тепкилептир Ушундан көрө буту-колу сынса эмне ден сыздап отурам!
Булак : Факты.кж