Домой Саясат Американы урганыбыз жок

Американы урганыбыз жок

39

Равшан Жээнбеков

Американын мамдепартаменти жыл сайын дүйнөдөгү абал жөнүндө доклад окуйт. Бул жолку 40-докладында Кыргызстанга 36 бет арнаптыр. Анысы жакшы, бирок биздеги абалды реалдуулуктун көзү менен эмес, өздөрү кааалагандай көз менен карап жазыптыр. Демек, чындыкты бурмалаптыр да. Буга байланыштуу Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлиги нараазы билдирүүсүн таратып, АКШ департаментинин кылыгын “саясий шантаж” деп атады. Бул докладда, “мыйзамсыз камоолор бар”, “адам укугу көп бузулат, алардын арасында А.Аскаров бар”, “бийлик өкмөттүк эмес уюмдарга кысым жасайт” сыяктуу жалаа жабуулардан толтура айткан. “Мурунку, Курманбек Бакиевдин кандуу бийлигинде америкалыктар ал бийлик менен дос болуп, демек, алардын кандуу бийлигине жардамдаш болгон да” дегенди баса белгилеген ТИМ нааразысын ишенимдүү мисалдар менен сонун айтып тыңсынган америкалыгыңдын абийирин кетириптир. Жок, биз Америка менен достук мамилени ташташыбыз керек. Бизге Россияга таянардан, дос кылардан башка арга жок. Америка менен дос болгонду Өмүрбек Абдырахманов менен Равшан Жээнбековго берсек, жетиштүү болор…