Домой Технологиялар ID-карталардын санариптик версиясын чыгарууга даярдык көрүлүүдө

ID-карталардын санариптик версиясын чыгарууга даярдык көрүлүүдө

23

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Ички иштер министрлиги менен биргеликте ID-карталардын санариптик версиясын чыгарууга даярдык көрүүдө. Андан тышкары, айдоочу күбөлүгү жана транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк дагы электрондук вариантта иштелип чыгат.

“Санарип документтер” сервиси менен колдонуу үчүн Калкты тейлөө борборунан электрондук кол тамга каттатып, смартфонго “Түндүк” тиркемесин көчүрүү керек.

Ведомстводон такташкандай, учурда жаңы система  сыноодон өтүп жатат, мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынат.