Домой Саясат Аманбай Кайыпов: контейнер мектепке каршы болчумун

Аманбай Кайыпов: контейнер мектепке каршы болчумун

102

Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн Нарын облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов комментарий берип жатып айтты. Ал ошондой эле жаңы кызмат ордунда аткара турчу иштери боюнча суроого жооп берди.

— Эми контейнерди мен койгон эмесмин. Билим берүү министрлиги койгон. Буга чейин ал мектеп боюнча өкмөткө, тийиштүү мекемелерге бир нече жолу сунуштарды берип келгенбиз. Ал сунуштар айрым жерден өтпөй калып жатты. Мен ал контейнерди койгондон кийин угуп калдым, каршы болчумун. Ал эми жаңы кызматта өнөр жай тармагы боюнча иштейм. Пландарым бар. Колумдан келишинче бул тармакка салым кошууга аракет кылам — дейт Аманбай Кайыпов.

Кайыпов берген арызына ылайык 6-сентябрда өкмөттүн Нарындагы өкүлү кызматынан бошотулуп, ушул эле күнү Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

Мунун алдында Кеңеш айылындагы контейнерден курулган мектеп чуусунажана андан мурдараак чыккан Солтон-Сары кениндеги жагдайларга байланыштуу анын жумуштан кетишин талап кылгандар болгон.

Кыргызстанда талкууга түшкөн акыркы окуялардын фонунда 4-сентябрда билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева өзү берген арызына ылайык кызматынан бошотулган.