Экс-депутат Урмат Аманбаеванын адвокаты Жыргал Бабаевдин билдирүүсүндө соттук иш азырынча токтотулду, ал азыр Улуттук хирургия борборунда дарыланып жатат дейт. Аманбаеванын ишин Бишкек шаардык соту карап жатат. Аны менен бирге “БУМ” фирмасынын деректири Манзура Улуходжаева, Ош шаарынын кургак учукка каршы күрөшүүчү борбордун аптека башчысы Фарида Шамшиева, борбордун мурунку башкы бухгалтери Гүлбурак Шакеева жана азыркы бухгалтери Улан Асановдор да соттолуп жатат. Баса, Улан Асанов Урмат Аманбаеванын күйөө баласы экен. Мурун Аманбаева Октябрь райондук соту тарабынан 9 жылга кесилген.