Домой Коом Аман эле болгула…

Аман эле болгула…

137

Парламенттин өңү спикердин өңүндөй деген кептин апыртмасы жок. Башкаларга “үлгү” болгон Дастан Жумабековдун “опуту” көпчүлүккө жугушуп кеткенин эч ким четке чыгара албайт. Эптеп эле курсак тойгузуп, “эмелерин” атка мингизип алууга шерденген башчыдан эмне күтмөк элек жакшылыктуу. Коронавирус каптады дегенибиз менен ак үйдөгү ички маселелер ойдогудай эле чечилип жатпайбы, кашайгырдыкы. Көрсө өзүмчүл болуп калгандар өгүздөн болсо да сүт саап алууга аракетин аябайт экен.

Алты фракциядагы акыбал деле алымсындырарлык эмес. Нарындан “крокодил” издегендей өңүткө туш келишти. Коалициянын башындагы фракциялардын жетекчилерин карагылачы, кимдер отурат? Аларды көргөн сайын итатайы кармап кетип жатпайбы карапайым элдин. Парламентти башкарган киши салабаттуу болгондо кеп башкача болмок. Анысын улам бири чыга калып чокулап, башы-көзүнөн тамтык калтырбай, келекелеп, желкелеп жүдөтүп жатканы мурда, кийин байкалган эмес. Сиркеси суу көтөрбөй турганда анан жаңылышып кетпегенде кантет тили чулдуруктап. Сатылма болуп, шыйпаңдагандардын тилегени орундалып турганын баамына алган коомчулук ошол Телибайлар кимдер экенин жакындан таанып калышты. Бүгүнкү менен жашагандар эртеңкисине маани бербегени сокур тыйынга арзыбайт шекилди.

Фракциялардын ичинде болсо ыркы кетип итче кабышып турганы алаканга салгандай байкалып турат. Бизнестин дөөсү Шакинин парламентке келиши жөн жерден эмес. Чамасы үйүрүндөгүлөрдүн баш терисин толук билгиси келди окшойт. Чамгарактап кеткен Канат Исаевдин стратегиялык пландарын ишке ашырабы, же күм-жам кылабы аны убакыт көрсөтөт. Иса Өмүркуловдун деле азыркы учурда маанайы пас. Салам бергендер улам азайып баратат. Ж. Турускулов болсо элеңдеп турган убагы, кайсыл тараптын “чөмөлөсүнө” кошулмас деп. Айсулуу Мамашованын терең көз карашы калыптана элек. Ошондуктан элеңдеп эле Текебаевди карай берет. Бакыт Төрөбаев бир “долбоорго” илешип алды деген имиш тараганы боюнча жакында ачыкка чыкса керек. Алтыкеңдин деле саясий “тажрыйбасы” чектелүү. Бирок, дымак бар дегенге болот. Мирлан Жээнчороевдин тарабында өзүнөн башка үч депутаты бар. Антсе да кээде микрофонду колуна кармап заңкылдап калат. Алмазбек Батырбековдун болсо аты эле бар фракцияда лидер деген. Анын колунда өрүлгөн камчысы мурда эле болбогонун билебиз.

Арийне, чоң жарышка чыгууга баары эле кызыктар. Анткени менен кимдин шарты, каражаты, чамасы бар экени күзүндө айкын болот. Ага чейин фракциялар өз ара тынышып алышабы, же анте алышпай калабы мезгил көрсөтөт. Тарыхтагы эң алсыз, чечкинсиз, элге жек көрүндү болгон чакырылыштын өкүлдөрү аман эле болгула!

Булак: Ачык сөз