Жаңы түзүлгөн “Унаа” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алымжан Козубаевдин артынан жакшы сөз ээрчибей калды. Буга чейин региондордон келген кайрылуулар; унааны каттоо жана кайра каттоо мекемелеринде аягы жок, узун кезек күтүүлөр; кезегиң жетсе мамлекеттик номер же техникалык паспорт жок же даяр эмес жооп угасың. Ушул өңдүү кыжырданган кайрылуулар менен иши коштолуп келет. Бул бир дейли.
Экинчиси, “Унаа” ишканасына жеке иштери менен барып калгандар, ою жаман орун басар Касмалиев Усеиндин кылыгын көрүп жакаларын кармап, үмъттөрън жалп өчүргөнүн айтып бүтө албагандарды учуратуудабыз. Алардын айтымында эргул Касмалиев, өзү олтурган үчүнчү кабатка кызматкерлерин узунунан тизип алып, “отметка” кылып атыптыр.
Атасындай, апасындай адамдарды жаш балдардай кылып фамилиясын окуп, бирден текшергенине жол болсун. Азыр 21-кылым техниканын өнүккөн заманы, байкоочу камераларды коюп, таза эле шартың жок болсо кире беришке каттоочу журнал коюп кой. Ишке келгендер жазылып киришет. Ушуну да үйрөтүш керекпи? Жаңы жетекчи Алымжандын акылына береке дейт экенсиң мындайда. Орун басар Усеиндин, шефин курска койбой мындай кадамга барары шексиз. Башы экөө эмес да. “Коррупция, коррупция” – деп адалсынган бийликтин абийирин айран төккөн ушундайлар болот эмеспи.
Булак: “Факты.kg”