Алымжан Козубаев «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору кызматынан бошотулду. Буйрукка премьер-министр 13-февралда кол койгонун өкмөттөн «Азаттык» радиосуна билдиришти.
Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы мамлекеттик саясат стратегиясын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобунун 30-январдагы жыйынында Козубаевди кызматынан бошотуу маселеси көтөрүлүп, кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев өкмөткө сунуш киргизген.
Расмий маалыматтарга ылайык, укук коргоо органдары «Унаа» ишканасынын кызматкерлерине 2018-2019-жылдар аралыгында 100дөй кылмыш иши козголгон.
Булак: Азаттык