Баналдык чындык, жаңы жыл келгенде элдир-селдир эси бардын баары алдыга келечектүү карап, артта калган жолун анализдеген болуп, бул жашоодогу орчун суроо ар кимге жараша кайра-кайра коюлуп, айтор, бушайман болорубуз бар… Келип турган тоок жылынын алдында мага мындай ой келет да: биздин мамлекет-Кыргызстандын эгемендик алганына, мына, быйыл 25 жыл болду. Ошондо биз чын эле тамыры терең кеткен эркин мамлекетпизби же көз карансыздыгыбыз жөн эле оюнбу? Так айтар, шак айтар жообум жок. Эмне үчүн? Мына ошол «эмне үчүндүн» тияк-быягына чыгалы да…
Кыргыз мамлекеттүлүгү тээ илгериден илгери, «жарымы жалган, жарымы чын» делген убакта болуптур го. «Кыргыз каганаты» деп аталган кубаттуу мамлекет болуп турган кези да бар экен… Анан кылымдар өтүп, кийин «улуу орус элинин» кол алдында турмуш өтөгөн тура. Ага чейин Кокон хандыгы бир сыйра эзип өтүптүр… Падышачылык Россиянын «Географиялык коому» деген болгон. Аты жөнөкөй болгону менен, бул коом чет жерлерди чалгындап, анын жайгашышын, элинин абалын, мүнөзүн, кайсы убакта, кайсы жагынан басып алса болот… баарын изилдеп турган да. Алардын өкүлдөрү Семенов Тяньшанский менен Пржевальский жана башкалар кыргыздар жашаган жерди узунунан да, туурасынан да чалгындап чыккан. Акыр-аягы ошол кездеги кубаттуу падышачылык Россия жылуу-жумшак келип эле кыргыздарды өздөрүнө букара кылып алган. Тиричилик өткөзүүгө ылайыктуу жердин баары Александровка, Покровка, Павловка, Романовка, Георгиевка, Быстровка, Семеновка, Сазановка, Каменка, Антоновка, Сосновка… болуп жерибиздин аттары орусташып кеткен. Анан жылдар өтүп, «Үркүн» болду, кыргыздын каны суудай акты! Бул окуяга тарыхтын чен-өлчөмү менен карашыбыз зарыл… Ошентип, орустарга биз формалдуу түрдө «ини» болуп, а чындыгында «кул, малай» сортунда жашап келдик. Социалисттик революциядан кийин деле «бардык улуттардын укугу бирдей» деген карандай ураан болгону менен, ал ураанды орусттардын шовинисттиги бура бастырбай келди го! Чынчынына келгенде Социалисттик революция болгон учурда караңгы, капкараңгы эл элек, орустар менен кошулуп чоң мамлекеттин катарында индустриялаштырууга, коллективдештирүүгө, маданий революцияга активдүү катышып, элибиздин дээринде бар эмеспи, билимдүү, илимдүү болуп алдык. Бирок, туш-тараптан чек коюлуп, сөзү жакшы, кылганы анча эмес коммунисттик идеядан башканы айта албай келбедикпи… Оо, анан Горбачев деген чыгып чалмакейди чалып туруп «түбөлүк ажырагыс» деп келген 15 республиканы чилче таратты го! Анан СССР кезиндеги жасалмалуулуктун тамтыгы чыгып, баягы бир тууган улуттар бири-бири менен анчалык тууган, дос эмес экендигин жакшы далилдеп беришти, кагылыштары менен, согуштары менен. Айталы, Прибалтика республикалары орустарды душман кылды, Азербайжан менен Армения согушу мына бүгүнкү күнгө уланып келет, Россия менен Грузиянын Түштүк Осетия үчүн согушу, Молдавиядан Приднестровье болуп бөлүнгөн согуш, биздин мамлекет Казакстан, Өзбекстан мамлекеттери менен душмандаша карашкан кез да болду… Кудая тобо дейли, азыр баары дурус. Өткөндө Өзбекстандын жаңы президенти биздин президентти сонун кабыл алды го…
Ошентип, 1991-жылы Кыргызстан эркин мамлекет болуп жарыяланды. Мурун тарыхтан окубаган, турмуштан көрбөгөн кандайдыр бир коомдук түзүлүш келип, социализм кезинде жыйналган байлыгыбызды коммунисттерден чыккан желмогуз- шылуундар ит тыткандай тытып кетти. Карапайым элибиз сууга талкан чалып, чирик картошка менен улпакка күнү түштү… Оо, а кез кыйын кез болчу! Чыдадык, турдук эптеп жатып. Анан өз алдынча деген мамлекетибиздин жаңы жолу уланды… Бирок, эркиндик дегениң да шарттуу кеп экен да, Россияга болгон көз карандыгыбыз улана берди.
СССР кезинде 14 союздук республиканы «ини» кылып кыңк эттирбей башкарып келген орустарыңа ошол республикалар өз алдынча кетип кыйын болбойбу. Алардын шовинисттик саясаты эч качан өлмөк эмес… Акырындап олтуруп орустар мурунку республикаларды кайра каратуу жолунда дурус келатат. Шериктеш мамлекеттер деген уюм түзүлдү, Евразиялык кызматташтыгы түзүлдү, ж.б.
Башка республикаларда, маселен, Казакстанда, Белоруссияда, Арменияда, Азербайжанда, Тажикстанда, Өзбекстанда, Молдавияда Россия кандай аракет кылып жатканын тек коюп, биздеги аракеттерине аздап көз жүгүртөлү да.
Менин оюмча, Россия СССР кезиндегидей эле биздин мамлекетке таасирин берип, биздин аймакта аралай чаап жүрөт. Эркиндик алдык деп адыраңдап жатканда келечегинен коркуп турган биздин орустар азыр эч нерсени тоготпой жакшынакай турмушун өтөп жатат. Илгери Россияга көчө качкандардан кайра келип жатканы да көп. Орус тили биздин турмуштан кеткис орун алып, шоруң курган кыргыз тилин бура бастырбай турат. Борбор шаарыбыздагы 93 мектептин төртөө эле кыргызча экен?! Бул деген кыргыз баласы үчүн аябай жаман көрүнүш! Кыргыз тилин өнүктүрүү деген былжырактыкты таштап «сактайлы» дегенди карманышыбыз керек. Биздин тил өнүгүүгө анча муктаж эмес, бай тил, ал эми сактоого аябай муктаж!
Орустардын Канттагы авиабазасы эч качан кетпейт. Ал, биринчиден, биздин асманды коргоп турса, экинчиден, бизди кыңк эттирбей турган күч болуп да эсептелет. Биздин СССРден калган, болбосо, Россия берген эски типтеги ракеталар мээлегенче, орустардын Канттагы истребителдери бизди үч айлана чаппайбы! Орустардын толгон мектептери менен кошо Славян деген университети да бар. Көптөн бери «Вести Бишкек» дегени иштеп жатат. Баарынан кызыгы, Москвадан «Вести» бүтүп, анан диктор минтип кулактандырат: «Эми региондордогу «Вестилерге» кезек беребиз». Ошондон соң Бишкектин «Вестиси» көрсөтүлөт. Демек, бир Россиянын бир региону экенбиз да?!
Илгери сонун курорт болуп эсептелген «Кой-Сарыда» ойрон орусуң торпедо сынайт. Быйыл «ал эмнеге кетпейт» деген кеп кеткенде, «Вечерний Бишкек» жана башка орусча гезиттер ал базанын эч зыяны жок экендигин жанталаша «далилдешти» го?!
«Газпром» деген монстр биздин бечара «Кыргызгазды» сатып алып эми каалаганын кылып жатат… Орустарың Нарын дайрасында ГЭСтердин каскадын курабыз деп ишти баштап, 36 миллион доллар сарптадык деп далай миллионун жеп коюптур. Кыргыз тарап алар менен болгон келишимди бир тараптуу жокко чыгарса, эми орус тарап бизди эл аралык сотко беребиз деп жатат.
Ооба, бүгүнкү күнү бизге Россиядан өткөн ишенимдүү шериктешти таппайсың. Орустар кытайларга, түрктөргө жана башкаларга караганда ишенимдүү. Ошол ишенимдүүлүгү менен биздин мамлекетти өздөрүнүн бир региону кылып алгысы келип жатпайбы?! Коркунучтуу суроо…
Биз кенедей мамлекетпиз, демек, боюбуз менен оюбузга карап дос күтүшүбүз керек. Маселен, биздин экономика деген тармагыбызда кепке алынчу эч нерсебиз жок. Анан Индия, Иран, Турция сыяктуу кубаттуу мамлекеттер менен байланышты ал-күчкө карата түзүш керек дээр элем. Мамлекеттер арасындагы байланышта эки тараптын кызыкчылыгы тең болуш керек, ошол учурда гана достук мамиле түзүлөт… Жакында эле президентибиз Индияга барып келди. Ал жакта биздин делегацияны аябай жакшы кабыл алышты, далай келишимдерге кол коюлду. Индиядан текстиль жагынан, дары-дармек, чай, кээ бир техника жагынан бир нерселерди сатып алалы дейли, а биз эмне беребиз? Дароо айтчу жооп жок. Болуптур Индиядан туристер келет экен, маданий байланыш болот дейли, анан… Анан билбейм кандай соода алакасы болот? Биз Индиядан көптү сатып алсак болот, ал эми индиялыктар бизден эмне сатып алат? Индиянын калкы 1миллиард 300 миллион, биздики болсо 6 миллион…
Ирандын президенти келди. Эки тараптык сүйлөшүү дурус жүрдү, келишимдерге кол коюлду. Иран менен болгон соодабыз 11млн долларды түзөт экен. Баса Кытай менен болгон соодабыз 5млрд доллар экенин айта кетели. Бул сумманын басымдуу бөлүгү импортту түзгөнү кейиштүү…
Колунда эч нерсеси жок, анан катышпаган кишиси жок бүлөдөй болуштун кереги жок. Биздин мамлекеттин аймагы кенен, кен байлыгы толтура, элинин саны жок эле дегенде 30 млн болуп, анан көп мамлекеттер менен макулдашып инвестицияны эбегейсиз күтүп, алака түзсөк болот. А азыркы кейпибиз менен алаканы абайлап макулдашканыбыз оңдур… «жылкыга карай ышкырган» жол мамлекеттердин мамилесинде да керек…
Биз инвесторлорду өз ичибизден күтүшүбүз керектир. Анчалык чоң инвестиция ары-бери бурулуп иштегендей жагдай жок. Анча-мынча алтын кендерибизден алданып жатканыбыз жетип берер…
Биз өзүбүздө өндүрүлгөн товарларды, түшүмдү четке чыгара албай жатып, «силер бул жерге келип инвестиция салып, товарыңарды пошлинасы жок чет жактарга алып чыга аласыңар» деген анча жакшы жол эмес.
Ошондо мага ой келет: эркиндигибиз шарттуу окшойт, таза эркиндикке жетүү оңой эместир…а балким болбостур…
Баратбай АРАКЕЕВ