Домой Саясат «Альянс» партиясынын съезди өтүп жатат

«Альянс» партиясынын съезди өтүп жатат

399

Бүгүн, 12-октябрда «Альянс» партиясынын съезди өтүп жатат.

Партиянын съездинде бир топ азыркы жана мурдагы чиновниктерди көрүүгө болот. Алардын катарында Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, Мирлан Жээнчороев, Алтынбек Сулайманов, Айсулуу Мамашова Абдывахап Нурбаев, Дастан Бекешев, Нурбек Мурашев, Сайдулла Нышанов, Дүйшөн Төрөкулов, Гүлкан Молдобаева жана Таабалды Тиллаев бар.

Мындан сырткары, мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Эльдар Абакиров жана журналист Эрнис Кыязов да съездге катышууда.

Эсиңиздерге салса кетсек, «Альянс» саясий партиясы бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына Алтынбек Сулаймановдун талапкерлигин  №5 Ноокат шайлоо округунан көрсөткөн. Тиешелүү чечим партиянын буга чейинки съездинде кабыл алынган.

Бирок, партиянын бүгүнкү съездинде Алтынбек Сулайманов сөз сүйлөп жатып, бир мандаттуу округдан чыкпай тургандыгын делегаттардын алдында жарыя кылды.