“Алдыдагы шайлоодо добуш сатып алууну кантип токтотсо болот?” деген суроого “Бир Бол” партиясынын лидери, депутат Алтынбек Сулаймановдун жообу күтүүсүз болду. Бул тууралуу депутат “Парламентаризм сабактары” берүүсүндө интервью берип жатып, “добушту 1000 сомго эмес, жок дегенде кымбатыраак, 10-20 миңге сатыш керек. Бул он эсе кымбатыраак болуп, 300 миңдик мандат автоматтык түрдө 3 миллион долларга айланат. Ошентип эл олигархтарды жазалайт. 3 миллион долларга мандат сатып алыш утушту алып келбейт. Ошондо акылдуу, билимдүүлөр келет” деди Сулайманов.
Булак: “Азия Ньюс”