Домой Коом Алтынбек Сулайманов: “Акча алмаштыруучу жайларды жабуу элге ыңгайсыздык жаратат”

Алтынбек Сулайманов: “Акча алмаштыруучу жайларды жабуу элге ыңгайсыздык жаратат”

146

“Бир Бол” фракциясынын лидери, ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов Фейсбуктагы баракчасынан акча алмаштыруучу жайларды жабуу элге ыңгайсыздык жаратаарын жана өз нанын таап жеп жаткан ишкерлердин кирешесин тартып алуу экенин жазып чыкты.

“Акча алмаштыруучу жайларды жабууга каршымын.
Бул Мыйзам долбоорун мен колдобойм. Биринчиден, элге ыңгайсыздык жаралып, банктарга кезек күтүү көбөйөт. Экинчиден, туристтерге ыңгайсыз. Үчүнчүдөн, бул кадам акча алмаштыруучу жайларда иштеп, өз арабасын өзү тартып жүргөн жарандарыбыздын нанын тартып алганга барабар болот. Коомдук талкууга чыккан Мыйзам долбооруна үн кошуңуз», – деп жазган ал.

Булак: Багыт