Домой Саясат Алтынбек Муралиев жатак абагына которулду

Алтынбек Муралиев жатак абагына которулду

33

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Амангелди Муралиевдин уулу түрмөдөн бошонуп, жатак абагына которулду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАК) басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.

Анын айтымында, соттолгондордун тергөө абагында отурган бир күнү эки деп эсептелет.

— Жогорку сот анын мөөнөтүн 10 жылга чейин түшүргөн экен. Бизде отурган күндөрүнүн баарын эсептегенде үчтөн экисин отуруп койду. Ошонун негизинде октябрдын ортосунда жатак абакка которулду.

Сабатарова белгилегендей, Алтынбек Муралиевдин жаза мөөнөтүнүн дагы 3 жыл 2 айы калды. Ал Чүйдүн Молдовановка айылында жайгашкан №27 колонияда отурган.

Муралиев өкмөттүн эл аралык кызматташтык бөлүмүн жетектеген.

2014-жылы Кыргызстанга чыккынчылык кылган деген айып менен кармалган. Бирок кайсы мамлекеттин пайдасына иштегени ачык айтылган эмес.

2016-жылы Биринчи май райондук соту аны 12 жылга эркинен ажыраткан, кийин Бишкек шаардык соту анын жазсын күчөтүп, 22 жылга кескен.

Булак: Азаттык