Домой Саясат Алтынбек Жунус уулу, ЖК депутаты: Бул маселени өзүбүз чече албасак, анда биздин...

Алтынбек Жунус уулу, ЖК депутаты: Бул маселени өзүбүз чече албасак, анда биздин эмнебиз мамлекет?!

106
—Алтынбек мырза, Ат-Башыга салынбай калган логисткалык борбор   эми түштүк тарапка курулут деген маалыматтар чыгып жатканын окуп жатсаӊыз керек. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

—Ат-Башыга салынбай калган логисткалык борбор боюнча бир катар маселелерди баса белгилеп айтып коёлу. Биринчиден, элдин кооптонуп жатканын четке кагууга болбойт. Кытай экспансиясы күчөйт экен, эмне үчүн жер 49 жылга берилет, ал жер бара-бара кытайлардын өзүнчө бир  шаары болуп калат деген кептер айтылбадыбы. Элдин мындай кооптонуусун болбогон кеп деп айтпашыбыз керек. Экинчиден, 43 миллион сом борбордук  бюджетке төлөнүптүр. Логистикалык борбор салынат  деген жерди Ак-Талаа айыл өкмөтү берип жатса, акча ал айыл өкмөткө эмес, борбордук бюджетке алынды деген да нааразычылыктар айтылды. Дагы бир маселе 280 миллион  инвестиция бар дешкени менен ал акчага логистикалык борборго эмне салат, кандай максатта иштетилет ж.б. суроолор боюнча өкмөт элге толук кандуу жооп берип, маалыматты талапка ылайык жеткизе албады. Элдин талабы мындай борборду кытайлар эмес  өзүбүз, тактап айтканда өкмөт  башка жактан инвестиция тартып, же  жеке ишкерлер эӊ жок дегенде Кыргыз-Орус  өнүктүрүү фондунан насыя алып салышса, анда эл каршы болбой турганын айтып жатышпайбы. Мына ушул жагын да өкмөт жакшылап ойлонушу зарыл.  Мына ушунун баары себеп болуп жыйынтыгында логисткалык борбор салынбай калды. Эми сиз айткандай андай борборду түштүккө салуу тууралуу маалымат тарап жатат. Бирок азырынча өкмөт бул боюнча расмий маалымат тарата элек. Бирок түштүктө деле салынып калышы мүмкүн. Балким башкача сүйлөшүп, башкача багыт менен ишке ашырганга аракет кылышар. Дагы бир нерсени унутпай айтайын, ЕАЭБдин алкагындагы келишимдерде логистикалык борбор Нарынга салынат деп жазылып калыптыр. Эми  ал келишимди өзгөртүү да чоӊ иш, чоӊ маселе болуп, бир топ убакытты алат. Анын жыйынтыгы кандай болот, чечилеби, чечилбейби, ал жагы да чоӊ суроо да.  Ошон үчүн логисткалык борборду эртеӊ эле түштүк тарапка сала баштайт деп айтуу кыйын. Эл ичинде өкмөткө ишеним жок. Ушул себептен да логисткалык борбор салынбай калды.

Негизи эле биз Кытай деп чоочулай бербей Кытай-Кыргызстан -Өзбекстан  темир жолунун курулушун колдошубуз керек.  Ал темир жол келечекте салынып  калса, биздин экономикабызга чоӊ пайдасы тийет. Мисалы, кыскача айтсак Кытайдан Кыргызстанга жылына 12 миллион тонна жүк ташылып турат. Ал үчүн жылына транзитке 250 миллион долларга чейин  төлөнөт.  Бул акчанын көбү темир жол өткөн Жалал-Абад, Тогуз –Торо, Ак-Талаа, Ат-Башыга да бөлүнүп турат.

—Бирок бул темир жолдун  салынышына Россия кызыкдар эмес. Эмнеге дегенде чоӊ маселелерди Москва менен чечишип жатпайбызбы. Геосаясат деген чоӊ маселе турат. Бул жагын депутат катары жакшы билесиз?

—Бир четинен алганда туура маселе. Гоесаясат маселеси бар. Россия каршы чыгат деп артка чегине берсек да туура болбой калат го. Анда эмнебиз мамлекет болуп эсептелет? Бул нерсени да эстен чыгарбайлы да. Менин үмүтүм бар. Кудай буйруса,  бул маселе жакшы жагына чечилет деп ойлойм.

—Акыркы учурда өкмөттө кадрлар үстөккө –босток алмашты. Бул аракет коомчулукта катуу сынга алынууда. Себеби,  иштей албай кызматтан кеткендердин ордуна деле күчтүү эмес кадрлар келип калды деп айткандар да көп болууда. Сиздин көз караш кандай?

—Азыркы өкмөттөн жакшы иштей албай, элдин сыны менен кеткен министрлер көп эле болбоду. Мисалы, Билим берүү жана илим министрлигин жетектеген Гүлмира Кудайбердиева, Транспорт министрлигин жетектеген Жамшитбек Калиев баштап кызматтан кетип олтуруп, өкмөттүн 60 пайыздай мүчөсү алмашты. Акыркы күндөрү вицелер алмашты. Мунун өзү туура эмес көрүнүш деп эсептейм. Жыйынтык болсо жакшы  болбой жатат. Менин купулума толгону Эркин Асырандиев  менен  Мамлекеттик курулуш, архитектура жана коммуналдык чарба агенттигине жетекчи болгон Урмат Кокочаров болду. Себеби, экөө теӊ кесипкөй, буга чейин иштеген иштеринде жакшы жыйынтык көрсөтө алышкан. Мындан ары да жакшы жыйынтыктарга жетишет деп ойлойм. Жалпысынан убакыттын өтүшү менен иштеген иштерине баа беребиз да.

Булак: Багыт