Домой Саясат Алтымышка чыкканда…

Алтымышка чыкканда…

71

Кандай болгон күндө да иштин көзүн билген, кылт эткенди божомолдоого акылы жеткен кадр гана барган жеринин майын чыгара алат. Болгондо да күч түзүмүндө жетекчи болуштун өзү оңой-олтоң эмес. Анын сыңарындай Мелис Турганбаевдин таржымалына саресеп салсак кыйла чуулгандуу иштердин аягына чыгып, өзүнүн профессионалдык деңгээлин айгинелей алганын жамы журт билет. Бир эле Медет Садыркуловдун канына ким забын болгонун иликтегени резонанстуу экенине не дейбиз? Баракелде дебеске аргабыз жок. Учурунда кошомат кылган генералдар муну кырсык катары көтөрүп чыгышып, акырында осол болушканы кызылдай факт эмей эмне? Көп болсо качкан бийликтин чачпагын дале болсо көтөрүп жүргөндөр кыңкылдап калышар.
ИИМде министр болуп иштеген мезгилде деле колунан келгенин жасады. Азыр болсо абдан жооптуу ЖАМКны жетектеп, көзгө көрүнөрлүк жылыштарды жүзөгө ашырды. Ал ортодо Кыргызстандын желегин чет жакта желбиреткени айрымдардын тынч уйкусун бузганы кызык. Түз эле айталычы, эгерде өзүнүн ыкчамдыгына, кубатына, эркине ишенбесе Мелис мырза дүйнөлүк мелдешке бармак эмес. Ушуну дегеле түшүнө албай койдук. Анан дагы өзү бир нерсени кылалбай, кылганды көралбай калп эле тыңсынгандарга жол болсун демекчибиз. Күрөшүп алтын медаль алмак түгүл ошол сынчылар өзүнүн денесин эптеп көтөрүүгө жарайбы десең. Бизде бирөөнү аңдымай, сынамай, эки жүздөнмөйлөр ыпыр-сыпырга айланып кетти. Бул албетте жаман адат. Ошентсе да ардагерлер арасындагы дүйнөлүк мелдеште биринчи байгени басып жыгылып, улуттун зоболосун өйдөлөтүүгө салымын кошкон генерал Мелис Турганбаевге кеп оролу келгенде албан ийгиликтерди каалап кетмекчибиз. Бел чечпей эмгектене бериңиз, чарчабаңыз, кези келсе күрөштөн да кайра тартпаңыз!

Булак: Ачык сөз