—Жок. Фамилиямды кийин эле өзүм өзгөртүп алгам. Мурда Кудабек уулу болчумун. Атамды өмүр бою көргөн жокмун, ошон үчүн өзгөрттүм.
—Канча жаштасыӊ, бул тармакта иштегениӊе канча жыл болду?
—Мен отуздамын. Өзүм көлдө төрөлгөм. Нарында, тайларымдын колунда чоӊоюп калдым. Кийин апам менен Бишкекке келдик, мектепти ушул жерден аяктадым. Эки бир тууганбыз.
Негизи бул кесип менен Ганси аэропортунда алектене баштагам. Ошол жерде айлык маяна жакшы болгондуктан, байкемдин жардамы менен жумушка орноштум, америкалык солдаттардын чачын кыркчумун. Ошол базадан чач тегиздегенди үйрөнгөм.

Ал жакта 4 жыл иштедим. Акча керек болсо, тилди да үйрөнөт экенсиӊ, англис тилин жакшы өздөштүрдүм. Анан Москвада 3 жыл, кийин 2 жыл Астанада эмгектендим. Былтырдан баштап Бишкекте иштеп баштадым. Өзүмдүн салонумду ачканыма бир ай болду. Ушул жылдар топтогон тажрыйбамды Мекенимде колдонсом деп ойлойм.
—Кийин окудуӊбу? Сертификаттарыӊ бар болсо керек.
—Окуган жокмун. Менин колум-сертификатым. Негизгиси-өз ишимди билем, сүйөм. Башкалардын тажрыйбасы менен ар түрдүү конкурстарда таанышам. Россияда ар кандай мелдештерге катышып жүрөм. Азырынча байгелүү орунга чыга элекмин. Бирок, башкалардан үйрөнүп, тажрыйба топтойм. Инстаграммда Lusky diamond деген баракчам бар.
—Бизде да ошондой мелдештер болобу?
—Биздин өлкөдө эркектердин чачын тароо боюнча мелдеш боло элек. Жакын арада мен уюштурайын деп жатам. Себеби, азыр бизде деле эркектердин чач тарачтары көбөйүп калды. Жасалгалардын аттары көбөйдү дегендей.
—Учурда мырзалар көп колдонгон чач жасалгасы кайсылар?
—«Цезарь», «Кроп», «Андеркат». Азыр мурдагы чач кыркуу ыкмасы көп колдонулбай калды. Учурда Бишкекте чач жасалганын 6 түрүн колдонуп жатышат. Болбосо, 40тай түрү бар.
—2020-жылы кайсы чач жасалгасы саркеч болот?
—2020-жылы мырзалар үчүн «Кроп» саркеч болот. Бул эки капталдары кыска, түбө чачтар тургузулуп жасалат. Үстүн атайын тарактар менен жасалгалайт. Бул эми жаштар үчүн. Ал эми, 40тан жогору курактагыларга мурдагы классика кайрадан жанданганы калды. Мында бир жакка кайрып, капталдары өтө кыска эмес алынат. Негизи бизге мода батыштан келет да. Америкада мурда капталдарын кырып, чачтын түбүнө чейин алса, азыр тескерисинче, өстүрүп жатышат.
—Сиздердин салондо комплекстүү иш жүрөт экен. Беттин түктөрүн өрт менен күйгүзгөнүӊөр да кызык көрүндү.
—Ооба, биз комплекстүү иш көрсөтүп жатабыз. Азыр көбүнчө беттеги түктү жабышчак масса менен тартып, жулуп алат. Мындай ыкмада түк көпкө чейин чыкпайт. Улам-улам жасай берсе, тапкакыр чыкпай да калат. Болбосо, жалын менен күйгүзүп салабыз. Эки түрүн теӊ колдонобуз. Мындан сырткары биз сакал алабыз. Мурундун, кулактын ичиндеги түктөрдү кебезди спиртке малып, аны күйгүзүп алып тазалайбыз. Башка массаж жасайбыз.
—Баасы кандай?
—Ошончо тейлөөнүн баарына 500 сом гана алабыз. Негизи мындай ишке миӊден бир жарым миӊ сомго чейин алышат.
—Шаарда комплекстүү тейлөө көрсөткөндөр көппү?
—Билбейт экенмин. Көп эле жерде чачты гана кыркышат экен. Бирок, тейлөөнү сапаттуу көрсөтсөӊ жакшы да. Элге жагымдуу маанай тартуулайсыӊ. Азыр эл өзүн алып жүрүүнүн маанисин түшүнүп калды. Биз чачтын ар бир талын карайбыз. Кай бир мастерлер кыркканда, кардар үйүнө барып башын жуугандан кийин такыр башка болуп калат. Биз болсо бир ай бою өз калыбында жүргүдөй кылып кыркабыз. Кай бирлердин бетинде түк болбойт, чач эле кырктырам десе, 300 сом алабыз. Азыр үчөөбүз иштеп жатабыз. Буюрса, келечекте кыздардын да чач тарачын ачайын деген пландар бар. Анан да, келечекте 7 дубанга филиалдарымды ачсамбы деп ойлойм. Элет эли дагы жакшы тейлөөнүн артыкчылыктарын түшүнсө дейм.
https://www.instagram.com/p/B34mUHaDPbY/
—Салонуңдун атын чечмелеп берсеӊ?
—Менин атым Алмаз, англисчеси -«Diamond». «Lusky» -ийгиликтүү дегенди түшүндүрөт. «Ийгиликтүү Алмаз» деген сөз. «Barber shop» деген сөз англисче эркектер чач тарачы дегенди билдирет. Муну Америкада сакал алган жай деп да билишет. Тигинде айланып турган желекти чет элдиктер көрсө, дароо түшүнөт. Аялдардын чач тарачында мындай желек жок. Мурда сакал алгандар менен тиш жулгандар чогуу эле бир жерде олтурчу экен. Анан ак жүзаарчыны илип коюшчу дейт. Ак жүзаарчыда кызыл канды көргөндөр чач тарач экенин билип турчу.
Азыр эркектер өздөрүн алып жүрүүнүн жакшы жактарын түшүнүп калышты. Инстаграмда «жылдыздардын» чачын тегиздөө иши тартылып жатып, чач тарачтын маданияты көтөрүлдү. Кирешелүү да, таанымал болууга шарт түзгөн да тармак болуп калды. Мага көп эле ырчылар, артисттер келип кетишти. Мирбек, Омар, Арсен сыяктуу өнөрпоздор келип кетишкен.
—Чач кырккандан кийин ар бир улут кубанычын ар башкача билдирсе керек?
—Ооба, бизде көбүнчө кыргыздар жакшы же жаман деген эки сөздү колдонушат. Америкада өзүнүн кубанычын көбүрөөк сөз менен билдиришет Орустар деле ошондой, чайлык тыйын таштап, ыраазылыгын билдирип кайтышат. Мындай көрүнүш бизге деле келе жатат деп ойлойм. Кайсы жерге барба, чачыӊ иреттүү, тыкан болсо жакшы көрүнөт да. Азыр келбетке да маани бериле баштады. Эркектер бет тазалаганды билчү эмес да. Бизге келгендер кубарып манайы чөгүп келсе, биздин салондон чыккандан кийин ууртунда жылмаюу пайда болуп, жүзү жарык, тамылжып, көӊүлү ачык боло түшөт.
Маектешкен, Жумагүл БАРКТАБАСОВА