Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык өз мөөнүтүндө бийликтен кетип жатышы, КМШ өлкөлөрүн айтпаганда да Орто Азия мамлекеттеринин жаңы тарыхындагы саясий үлгү болуп калганын сыймыктануу менен айта алабыз. Муну менен эки революцияны баштан өткөргөн кыргыз эли демократияга биротоло баш койгон, тарых-тамыры терең, рухий көрөңгөсү күчтүү, чыныгы эркиндикти сүйгөн эл экендигин бүт дүйнөгө көрсөтө алды. Ошентип, президент А.Атамбаевдин алты жылы да соңуна чыкты. Бирок бир караганда көз ирмемчелик сезилген бул мезгил Кыргызстанды өргө сүрөгөн жылдар болгондугун эч кимибиз тана албайбыз.
canadian pharcharmy no prescription. «Таза шайлоо» системасын камсыз кылды
Кыргызстандын шору дал ушул шайлоо болчу. Шайлоодогу мыйзам бузуулар бийлигин колдон чыгаргысы келбеген мурдагы президенттердин куралы эле. Президент А.Атамбаев таза шайлоо өткөрүп берерин көп айтчу. Анын алты жылдын аралыгындагы эң башкы жетишкендиги, мамлекеттин мындан аркы туруктуу өнүгүшүн камсыз кылган –биометриялык шайлоо системасы болгондугун көрүп турабыз. Натыйжасында соңку президенттик шайлоо кынтыксыз өттү. Ырас, айрым жерлерде анча-мынча сөздөр айтылды. Мындай мамлекеттин тагдырын чечкен чоң шайлоодо түрдүү пикирлер айтылбайт койбойт. Ал ошон үчүн шайлоо. Жыйынтыгында КСДП саясий партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков 54,22 пайыз менен жеңишке жетишти. Анын атаандашы Өмүрбек Бабанов 33,49 пайыз добуш алды. Бул – эбегейсиз атаандаштык менен өткөн анык, таза шайлоонун үлгүсү. Эл кимге кааласа ошого добуш беришти. Дүйнө мамлекеттери, эл аралык байкоочулар Кыргызстанда өткөн шайлоонун жыйынтыгын тааныды жана жогору баалашты.Мурдагы президенттик шайлоолордо аз эле жерден 100 пайыз добуш ала жаздаган «бурмалоолор» болгонун да жакшы билбебиз. Ал эми Сооронбай Жээнбековдун жогоркудай добуш менен президенттик кызматка бекигени шайлоонун өтө таза өткөндүгүн толук чагылдырып турат. Бул – президент А.Атамбаевдин Кыргызстанды Улуу көчүн түз нукка салган зор эмгеги болуп саналат.
Энергетикалык көз карандысыз – эгемендиктин пайдубалы
Белгилүү болгондой Казакстан чек арасын жарытып ачпай турат. Себеби баарыбызга дайын болгондуктан токтолуп отурбайлы. Ал деле жакында ачылат. Бир гана нерсе толук түшүнүктүү. Бул Казакстандын Кыргызстанга жасаган саясый-экономикалык таасир көрсөтүүчү акыркы рычагы. Буга чейин Казакстан энергетика, газ, кала берсе көмүр жагынан далай жалдыратчу. Башкысы президент А.Атамбаев Кыргызстанды толук энергетикалык көз карандысыздыкка жеткизип кетти. 2015-жылдын 31-августунда “Датка-Кемин» линиясынын (узундугу 405 чакырым) жана кубаттуулугу 500 кВт “Кемин” подстанциясынын ишке кириши жана газ тармагынын Россия тарабына берилиши менен Кыргызстан коңшулардан толук энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болду. Бишкек ТЭЦи чукул реконструкцияланып, жергиликтүү Кара-Кече көмүрүнө ыңгайлаштырылышы Казакстандын көмүрүнө болгон муктаждыктан арылтты. Эгерде Бишкек ТЭЦи мурунку абалында калса, азыр кандай болот эле айтыш кыйын.
ЕврАзЭСтин эшигин Кыргызстанга ачып берди
Эгемендиктин алгачкы жылдарындагы жумушсуздук, өлкөбүздөгү саясий-экономикалык туруксуздук жүз миңдеген эмгек мигранттарын пайда кылып, алар бизге караганда экономикасы бараандуу Россия, Казакстанды беттеп жөнөп беришкен. Бул агым күнү-бүгүн токтой элек. Расмий маалыматтарга таянсак бир гана Россияда 752 миң кыргыз мигранттары иштеп-жашап атышат. Расмий эмес маалыматтар боюнча алардын саны 1,5 млн.го жакын деп эсептелинет. Бирок биздин мигранттарыбыздын ишке орношуу, медициналык жардам алуу, каттоого туруу өңдүү көптөгөн маселелерде укугу чектелүү эле.
Президент А.Атамбаев мындай шарттарда бул маселени ЕврАзЭС уюмуна мүчө болуп кирүү аркылуу чечүүнү көздөп, өлкөбүздүн ЕврАзЭСке кириши менен Россияда иштеп жаткан жарандарыбыздын бир топ маселелери жолго салынды. Ошондой эле – 1 млрд доллар каражаты бар Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун түзүлүшү жана анын көмөгү менен 753 долбоордун иштей башташы Кыргызстанды кыр ашыра турган экономикалык зор кадам экендиги талашсыз.
Альтернативдүү Түндүк-Түштүк жолунун демилгечиси
Кыргызстандагы жолдордун жалпы узундугу 34 миң чакырымды түзөт. Анын ичинде 19,0 миң чакырымы жалпы пайдалануудагы жолдорго кирет. Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 4594 чакырым жол калыбына келтирилиши керек. Ушул тапта Бишкек — Кара-Балта, Жалал Абад — Маданият, Ош – Баткен – Исфана жолдору курулууда. Ал эми Бишкек-Ош автомагистралы республикабыздын түндүк-түштүгүн байланыштырган жападан-жалгыз жол.
Ушундан улам президент А.Атамбаевдин альтернативдүү Түндүк-Түштүк жолунун курулушун баштап бергендиги, анын кыргыз калкына калтырган улуу мурасы болуп калмакчы. Бишкек-Ош жол каттамын алты саатка кыскарткан, узундугу 423 чакырым бул жол 2019-жылы пайдаланууга берилмекчи.
“Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну” – Кыргызстандын сыймыгы
Мамлекет үчүн башкы байлык — элинин маданияты. Бул жагынан кыргыз эли ааламдагы саналуу элдердин катарына кирет. Бирок ошол тарых-маданиятыңды тааныта билүү да керек.
Президент А.Атамбаевдин дагы бир зор эмгеги – эл аралык чоң долбоор “Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын” негиздеп, аны жүзөгө ашыра алгандыгында. Анын ааламдагы көчмөн элдердин маданиятын кайра жандандыруу демилгеси эл аралык деңгээлде колдоого алынып кетти. Ал аркылуу этноспортту же улуттук оюндардын түрлөрүн сактап калуу, аларды дүйнөлүк деңгээлге таанытуу, туристтерди тартуу максаты турду.
2014-жылдын 9-14-сентябрында Чолпон-Ата шаарында Биринчи Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөргөн Кыргызстан дароо эл аралык деңгээлде көзгө көрүндү. Ага 19 мамлекеттен 583 спортчу катышып, теле аркылуу 40 өлкөгө түз алынып көрсөтүлдү, башкача айтканда 230 миллион киши көрдү.
Былтыр 2016-жылдын 3-8-сентябрында Экинчи Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өттү. Ага 62 өлкөдөн 1000 спортчу катышып, жалпы байге фондусу 28 миллион 400 миң сомду түздү. Оюндардын 23 түрү боюнча 111 алтын, 111 күмүш жана 165 коло медаль үчүн катуу таймаш өттү. “Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын” 35 өлкөдөн келген 650дөн ашык журналисттер чагылдырды. Бул маанилүү тарыхый-маданий иш-чаралар элибиздин демине дем кошуп, көңүлүн көтөрдү. Айрыкча жаштардын патриоттук сезимин козгоп, элибиздин тарых-маданиятына болгон кызыгуусун арттырды, сыймыкка бөлөдү.
Кыргызстан жакыр өлкөлөрдүн катарынан чыкты
Эгемендик жылдарында эл өзү менен өзү болуп келди. Анын ичинде акыркы алты жылдагы саясий туруктуулук, жалпы экономикалык кырдаалдын өнүгүү жолуна түшүшү, мамлекеттин дыйкан-фермерлерге жакындан жардам берүүгө умтулушу, ишкерлерге колдоо көрсөтүү калктын турмуш –тиричилигинин жакшырышына, жашоо деңгээлинин жогорулашына шарт түздү. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянсак 2013-жылы Кыргызстанда калктын 37%ы же 2 миллион 135 миң адамдын жакырчылыктын төмөнкү чегинде жашаса, соңку төрт жылдын ичинде элдин турмушу жакшырды. Муну тааныган Эл аралык уюмдар Кыргызстанды жакыр өлкөлөрдүн катарынан чыгарды. Бул дагы билгенге чоң сыймык экени талашсыз. Мисалга кайрылсак, 2017-жылдын I кварталында Кыргызстанда орточо айлыктын көлөмү 14 203 сомду түздү. Ал эми 2018-жылы 16 700 сом, 2019-жылы 17 300 сом болору күтүлүүдө.