Домой Саясат Алмазбек Атамбаевди ИИМ имаратына алып келишти

Алмазбек Атамбаевди ИИМ имаратына алып келишти

503

Укук коргоо органдары Атамбаевди бүгүн, 8-августта Кой-Таштагы үчүнөн кармаган болчу.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди укук коргоо органдары ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына алып келишти. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматына таянуу менен Sputnik Жакынкы чет өлкөTelegram-канал жазып чыкты.

Укук коргоо органдары Атамбаевди бүгүн, 8-августта, Кой-Таштагы үйүнөнкармаган болчу.

Бүгүн, 8-августта, саат 16:30дар чамасында Кой-Ташта Атамбаев менен милиция кызматкерлеринин кайтадан кагылышуусу башталганы айтылган. Укук коргоо органдары көздөн жаш агызуучу газды жана катуу үн чыгаруучу граната колдонушкан. Ал эми Атамбаевдин тарапташтары милиционерлер тарапка таш жана бензин куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышкан.Эске салсак, 7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн. Бирок андан майнап чыккан эмес. Акыркы маалыматтар боюнча кагылышуудан эки күндөн бери 85 киши жаракат алып, спецназдын бир жоокери каза болгон.

Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков 8-августта Коопсуздук кеңешинин жыйын өткөрүп, Атамбаевдин аракети боюнча өзүнүн пикирин билдирген. Жээнбеков Атамбаев мурда шектүү катары суракка чакырылып келген болсо, эми оор кылмыш жасаган киши катары чакыраларын айткан.

Жогорку Кеңеш дагы бүгүн чукул жыйынга чогулган.